Өмүр баян

Wikipedia дан

Өмүр баян (өмүр таржымал)(грек сөзүнөн алынганда- өмүрдү баяндап жазуу дегенди түшүндүрөт.)— Адам өмүрүнүн тарыхын жазуу. Өмүр баян бул жеке адамдын социологиялык маалыматтын булагы болуп саналат,жана анын кандай адам экенин, улутун,психологиясын,тарыхын тастыктай алат. Адабият таанууда жазуучунун өмүр жолу өтүлөт. Бул же тигил акын же жазуучунун чыгармачылыгын изилдөө ишинде, аны үйрөнүүдө өмүр баяндык далилдерин, турмуштук окуялардын мааниси чоң. Азыр бизде «Өрнөктүү адамдардын өмүрү» деген адабияттардын тизмеси чыгып жатат. Алардын ичинде акын жазуучулар да бар. Кийинки жылдары бизде Алыкул Осмоновдун, Жусуп Турусбековдун чыгармачылык өмүр жолуна арналган К. Жусуповдун «Ыр сабындагы өмүр», С. Бөлөкбаевдин «Биздин Жусуп» деген биографиялык мүнөздөгү чыгармалары жарык көрдү. Кыргыз жазуучулары өмүр таржымалдуу мүнөздөгү чыгармаларды жазууга активдүү кирише баштады.

Ошондой эле өмүр баяндын: Илим өмүр баяны,

Көркөм өмүр баяны,

Белгилүү өмур баяны ж.б. ушул сыяктуу түрлөрү бар. Өмүр баян жазууда төмөнкү элементтер колдонулат:

1. Фамилиясы аты (атасынын аты);

2. Туулган жери,айы күнү,жылы;

3. Наамдары, атагы (алган күнү жылы);

4. Билими (бүткөн жылы);

5. Кесип тандоодо таасир тийгизген шарттар;

6. Жогорку билими,аскердик наамы,илимдеги даражасы;

7. Ата-энеси,бир туугандары жөнүндө кыскача;

8. Илим билимдеги өмүрүнүн негизги этаптары,дипломдору;

9. Жогорку даражадагы мактоо сыйлыктары (алган күнү,жылы)

10.Белгилүү окуяларга катышуусу.


Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004