Өндүрүштүк негизги фондулар

Википедия дан

Өндүрүштүк негизги фондулар — соц. ишканалардын, бирикмелердин өндүрүш фондусунун бөлүгү.

Ал бир катар өндүрүш циклин тейлейт. Өндүрүштүк негизги фондуларга эмгек куралдары, өндүрүш имараты, курулуш, шайман кирет. Мындан сырткары айыл чарбада мал, ирригация курулуштары, мөмө бактар да Өндүрүштүк негизги фондулар болуп эсептелет. Алар капиталдык салымдардын жанa амортизациялык чегерүүнүн эсебинен калыбына келтирилет.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.