Өндүрүштү интенсивдештирүү

Википедия дан

Өндүрүштү интенсивдештирүү— коомдук өндүрүштүн илимий- техникалык революция шартында өнүгүү процесси.

Өндүрүштүн өнүгүшүнүн эки—интенсивдүү жанa экстенсивдүү түрү бар. Эгер экстенсивдүү өнүгүү өндүрүш кубаттуулугун мурдагы эле тех. базада арбытууга, иштетилүүчү материалдык ресурстар менен жумушчулар санын карандай көбөйтүүгө негизделсе, интенсивдүү өнүгүү эмгек, материалдык жана тех. ресурстарды барган сайын то­лук, жүйөөлүү, жыш пайдаланууга таянат. Интенсивдүү өнүгүүдө өндүрүшкө катышкан факторлордун (өндүрүш каражаттарынын жанa өндүргүч күчтөрдүн) бардык ички мүмкүнчүлүктөрүн, кудуретин, өндүрүмдүүлүгүн «сыгып» алууга аракет жасалат.Социализм тушунда

Өндүрүштү интенсивдештирүү коомдук өндүрүштүн натыйжалуулугун арттыруу менен эмгекчилердин жыргалчылыгын жанa маданий деңгээлин жогорулатууга, оор кол эмгегин жеңилдетип, акыл эмгеги менен күч эмгегинин айырмачылыгын жойуга багытталат. Өндүрүштү интенсивдештирүүнүн негизги булагы — ил.-тех. прогресс, эмгекти жанa өндүрүштү уюштурууну өркүндөтүү, пландоо жанa башкаруу методдору менен системаларын жакшыртуу ж. б. Өндүрүштү интенсивдештирүүнүн конкреттүү формасы эл чарба тармактарынын өзгөчөлүктөрүнө жapaша болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.