Өндүрүштү механикалаштыруу

Википедия дан

Өндүрүштү механикалаштыруу - энергиянын түрлөрүн пайдалануу менен материалдык өндүрүштүн ар кыл тармактарында кол менен иштетилүүчү эмгек каражаттарын машина жана механизм менен алмаштыруу. Өндүрүштү механикалаштыруунун негизги максаты эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана адамды оор жумуш аткаруудан бошотуу. Өндүрүштү механикалаштыруу сырьёну, материалдарды жана энергияны үнөмдүү чыгымдоого, продукциянын өз наркын төмөндөтүп, анын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк түзөт. Өндүрүштү механикалаштыруу техникалык прогресстин багыттарынын бири; ал ар кандай техникалык каражаттар менен аткарылат. Өндүрүш процеесинин техникалык каражаттар менен жабдылышына жараша айрым жана комплекстүү өндүрүштү механикалаштыруу болуп айырмаланат. Айрым өндүрүштү механикалаштырууда кээ бир өндүрүш операциялары же жумуштун түрлөрү, мисалы, эн оорлору механикалаштырылат. Өндүрүштү комплекстүү механикалаштырууда технологиялык процесстин бардык негизги операцияларында жана өндүрүш процессинин кошумча жумуштарында кол эмгеги машина менен алмаштырылат. Коомдун өнүгүшү менен бирге эмгек каражаттары да өнүгөт. Буу машинасынын, электр машинасынын жана ичинен. куймө кыймылдаткычтын ойлоп табылышы өндүрүштү механикалаштырууну жогорку баскычка көтөргөн. Андан ары өндүрүштү механикалаштырууда машиналар менен механизмдер системалары колдонула баштайт. Мисалы, жогорку өндүрүмдүү ар кандай комбайн, машина, механизмдердин автоматтык катарлары, автомат-цех жана автоматташтырылган заводдор курулган. Өндүрүштү механикалаштырууну ишке ашыруу, биринчиден, өнөр жайды, курулушту, транспортту, айыл чарбаны эң өркүндөтүлгөн машиналар жана механизмдер менен камсыз кылууга жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]