Өндүрүштү рационалдаштыруу

Википедия дан

Өндүрүштү рационалдаштыруу — натыйжалуулугун жогорула­туу максатында коомдук өндүрүштүн методдорун жанa каражаттарын өркүндөтүп (жакшыртып) отуруу процесси.

Бул процесс техниканын жана жалпы эле өндүргүч күчтөрдүн объективдүү аракетте турган закондору б-ча ишке ашып, социализм учурунда төмөнкүдөй багыттарда жүргүзүлөт: 1) эмгек каражаттарын (куралдарын) жанa технол. процесстерди өркүндөтүү; 2) эмгек заттарын, б. а. сырьёнун жанa чыгарылган буюмдардын бардык сапаттарын жакшыртуу; 3) эмгектн өркүндөтүү (Эмгекти илимий уюштуруу).

Өндүрүштү рационалдаштырууда эмгекти нормалоо менен эмгек акыны жакшыртуу, завод ичиндеги пландоо, эсеп-кысап, отчёттуулук жанa контроль маселелерин өркүндөтүү чоң мааниге ээ. Бул процессте коомдук эмгектпн уюштурулушун жанa өндүрүштү башкарууну бүткүл эл чарбасынын масштабында өркүндөтүү, илим менен техниканын жаңы табылгаларын ылдам киргизүү, соң. мелдештин артыкчылыктарын колдо­нуу, өндүрүштүк пшканаларды жана бүтүндөй эл чарба тармактарын ав­томат менен башкаруу системасын киргизүү, ойлоп чыгаруучулук натыйжаларын жанa рационалдуу сунуштарды пайдаланганда зор роль ойнойт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.