Өнөр жай экономикасы

Википедия дан

Өнөр жай экономикасы - коомдук өндүрүштүн ири бөлүктөрүнүн бири; экон. илиминин бир тармагы.

Өнөр жай экономикасы илим катары өнөр жайдын өнүгүү закон ченемин жана тартын, алдыдагы милдеттерин, чечүү жолдорун, өндүрүштү пландаштыруу менен башкаруунун илимий ыкмаларын, өндүрүш чараларын, экон. негиздөө методдорун талдайт; өндүрүштү, эмгекти уюштуруу, жайгаштыруу жана башкаруу, негизги фондуну, техниканы, сырьё жана материалды, капитал салымды пайдалануу ишин жакшыртуу, чарб. эсепти еркүндөтүү ж. б. маселелерди иликтейт.

Өнөр жай экономикасы эл чарбасын пландаштыруу, экономика статистикасы, технология жана мате­матика менен тыгыз байланышта. Соц. өнөр жайдын айрым тармагы жал­пы өнөр жайдын органикалык бөлүктөрү болгондуктан тармак экономикасынын өнүгүшү жалпы өнөр жайдын өнүгүү закон ченемине ылайык болот.

Айрым тар­мак экон. мамилелер менен эмес, өзүүн материалдык-тех. базасынын, техникасынын жана технологиясынын өзгөчөлүктөрү, продукциясы, өндүрүштү, эмгекти уюштуруудагы шарты менен айырмаланат. Бул өзгөчөлүктөр өнөр жай тармактарындагы белгилүү бир айырмачылыктын шарты болот. Натыйжада ар тармакты экономика илиминин өзүнчө бир тармагы изилдейт. Мис., машина куруу өнөр жай экономикасы, химия өнөр жай экономикасы ж. б.

Ишкана ичиндеги пландашты­руу, өндүрүштү, эмгекти, чарб. эсеп­ти уюштуруу сыяктуу маселелер өзүнчө атайын курста өтүлөт да, иш­кана экономикасы деп аталат. Факт жыйноо, жалпылоо, талдоо — экон. изилдөөнүн орчундуу жагы. Өнөр жай экономикасын изилдөөдө жекеден жалпыга, жалпыдан жекеге өтүү методу, топтоо жана математиканы колдонуу маанилүү. Өнөр жай экономикасы өндүрүштү уюштуруунун алдыңкы ыкмаларын колдонуп, жогорку натыйжалуулукка жетүүнү камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.