Өтмө металлдар

Википедия дан

Өтмө металлдар – Менделеевдин мезгилдик системасынын I б жана VIII б группасындагы химиялык элементтер.

Өтмө металлдардын атомдорунун толукталбаган электрондук ички катмарлары бар. Ички 3-d, 4-d жана 5-d катмарчасы толукталуучу d - элементтерине жана ички 4-d катмарчасы (лантаноиддер) жана 5-f катмарчасы (актиноиддер) толукталуучу f - элементтерине бөлүнөт. Бардык актиноиддер радиоактивдүү Өтмө металлдар металл менен металл эместердин арасындагы өтмө абалды ээлейт; алар айрым бир өзүнчө жалпы касиеттерге ээ (мис., комплекс пайда кылуучу). Өтмө металлдар жана алардын бирикмелери, өзгөчө металл органикалык бирикмелери кеңири колдонулууда. 63 Ө. м. (106 – 107-элементтерди кошкондо) белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]