Өтүкен-Йыш

Википедия дан

Өтүкен-ЙышМоңголиядагы Чыгыш Хангай тоолорундагы токойлуу аймак. Стратегиялык жактан байыркы түрк элдерине (азыркы Моңголия, Түштүк Сибирь, Түштүк-Батыш Манжуриянын аймактарына) үстөмдүк кылууга ыңгайлуу жер. Руна сымал жазма эстеликте: «...акылман Тоң-Йокук биротоло отурукташып жашоо максатында Өтүкен жерин тандап алды» – деген маалыматтар бар.

Аскердик-стратегиялык ыңгайлуу аймакка кыргыздар өз үстөмдүгүн орнотууга жигердүү аракеттерин жасашкан. Буга 840-жылы тарыхый окуялардан соң, кыргыз каганы өз ордосун, мамлекеттин борборун Танну-Олага (азыркы Туванын түштүк аймактары) көчүргөндүгү далил болот. Ушул мезгилден тартып Борбордук Азиянын аймактарына кыргыздардын 360 жылга созулган үстөмдүгү башталган. Өтүкен-Йыш жайгашкан Хангай (кыргызча Каңгай) – «Манас» эпосунун бардык варианттарында жердин, элдин, айрым учурда өлкөнүн аты катары берилет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.