Өтө чыңалуу

Википедия дан

Өтө чыңалуу (электр техника­да) — чыңалуунун электр установканын изоляциясына зыян келтире тургандай жогорулашы.

  • Изоляция тандоодо жана электр тармактарын сактоо чараларын көрүүдө, өзгөчө 10 кв- тан жогору чыңалуу үчүн Өтө чыңалууну так эсептөөнүн экон. жанa техникалык мааниси зор.
  • Өтө чыңалуу ички жанa чагылгандуу (атмосфералык) болуп айырмаланат. Ички Өтө чыңалуу электр установкаларынын иштөө режиминин кескин өзгөрүшүнөн, негизинен коммутациянын (ток булагын ажыратканда же бириктиргенде, жердештирүүдө, чукул туюкталууда ж. б.) натыйжасында пайда болот.
  • Коммутация өткөөл про­цессии пайда кылып, андан кийин установканын жаңы иштөө режими түзүлөт. Ошондуктан аз убакыттагы коммутациялык Өтө чыңалуу жанa узакка созулган, иштөө режиминин Өтө чыңалуусу бо­луп айырмаланат.
  • Коммутациялык Өтө чыңалуу линиянын сыйымдуулугу жана индукциясы, трансформатор жанa ге­нератор түзгөн термелүү контурундагы өткөөл процесстин пайда болушуна жанa күчөшүнө көз каранды.
  • Өзгөчө маанилүү Өтө чыңалуу автоматтык кайталап туташтырууда пайда болот. Чагылгандуу Өтө чыңалуу электр установкасынын ток өткөрүүчү бөлүгүнүн жанында же установкага жакын жерде чагылган разрядынан пайда болот. Установканын ишенимдүү иштеши үчүн бир катар сактануу чаралары көрүлөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.