Aнгоб

Википедия дан

Aнгоб (французча engobe) - карапа буюмдарынын сыртын жылмалоо жана ага кандайдыр бир түс берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү ангоб пайдаланылат. Анын негизги максаты материалдын структурасын же түсүн жашыруу жана буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачык көрсөтүү. Ангоб айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын ордуна колдонулат (Сграффито).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1