Bенa арбитраждары

Википедия дан

Bенa арбитраждары - (1938, 1940) Германиянын жана Италиянын фаш. өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн Чехословакия менен Румыниянын бир кыйла жерин Хорти башкарган Венгрияга берүү жөнүндөгү эки чечиминин аты. Ага Венада кол коюлган. 1938-ж. 2-ноябрдагы биринчи арбитраждын натыйжасында Германия менен Италия Словакиянын Түштүк райондорун жана Закарпат Украинасын Венгрияга берүүгө Чехословакияны мажбур кылган. Экинчи арбитраж боюнча (1940-ж. 30-август) Түндүк Трансильвания Румыниядан Венгрияга өткөн. Натыйжада Венгрия менен Румыниянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланып, Германия экөөнү тең баш ийдирип алган. Bенa арбитраждары 1947-ж. Париж тынчтык келишими менен жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]