C++

Википедия дан
C++.

C++ — компилешүүчү, статикалык типтештирилген жалпы максаттагы программалоо тили.

Жол-жоболук программалоо, объектке багытталган программалоо, жалпы программалоо сыяктуу программалоо парадигмаларын колдойт. Бай стандарт китепканасы кеңири тараган контейнерлер жана алгоритмдер, киргизүү-чыгаруу, туруктуу сөз айкаштары, көп агымдуулукту колдоо жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ. C++ жогорку даражадагы жана төмөнкү даражадагы тилдердин өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат. Мурдагы C тилине салыштырмалуу мында объектке багытталууга жана жалпы программалоого көп көңүл бурулган.

C++ эң таанымал программалоо тилдеринин бири болуп эсептелип, программалык камсыздоо иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Анын колдонуу чөйрөсүнө операциондук системдерди, түрдүү колдонмо программаларды, түзмөк драйверлерин, курулуучу системдер үчүн колдонмолорду, жогорку өндүрүмдүү серверлерди жана ошондой эле, көңүл ачуу колдонмолорун (оюндарды) түзүү кирет. C++ тилинин бекер дагы, коммерциялык дагы жана түрдүү платформалар үчүн дагы көптөгөн таралыштары бар. Мисалы, x86 платформасында GCC, Visual C ++, Intel C ++ Compiler, Embarcadero (Borland) C++ Builder жана башкалар бар. C ++ биринчи кезекте Java, C# жана башка программалоо тилдерине чоң таасирин тийгизген.

C ++ синтаксиси C тилинен калган. Иштеп чыгууда негизги принциптердин бири - С менен шайкештикти сактоого болгон. Ошентсе да, C ++ C'нин нак кеңейтилген варианты эмес; C'нин дагы C++'тын дагы компилярлары бирдей трансляциялаган программалар көп, бирок C'ге программанын бардык өзгөчөлүктөрү кирбейт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]