Cinnamon

Википедия дан

Cinnamon (англ. "корица" деген мааниге келген сөз) - GNOME Shell коддук базасынан тармакталган GNOME иш тактасы чөйрөсүнүн эркин чели. Иштелменин негизги багыты - колдонуучуларга ыңгайлуу болгон жеке компүтерлер жана ноутбуктардын -GNOME Shell жана Unity'нин кемчиликтери болбогон- GNOME 2 стилиндеги салттуу, көнүмүш чөйрөсүн сунуш кылуу болуп эсептелет. Башында Linux Mint'тин программачыларынын командасы тарабынан иштелген.

Учурда Cinnamon Linux'тун төмөнкү дистрибутивдеринде колдонулат: Mint, Fedora 18 жана андан жогору Netinstall/DVD, Snowlinux, Manjaro, Debian, Ubuntu, alt lunix, openSUSE жана Antergos (мурда Cinnarch).

Архитектура[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Cinnamon Muffer терезе кыймылдаткычын колдонот. Бул GNOME 3төгү Mutter терезе менежеринин форку.

Мүмкүнчүлүктөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Cinnamon көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуш кылат:

  • Иш тактасынын эффекттери, анын ичинде анимация жана трансформация;
  • Менү, баштооч, терезелер тизмеси жана тапшырмалар панели менен жабдылган жылдырма панель;
  • Мүмкүн болгон бардык кеңейүүлөр;
  • Панель апплеттери;
  • GNOME Shell менен окшош иш-милдеттери;
  • Төмөнкүлөрдү тууралоо мүмкүндүгү бар орнотуулар редактору:
  • панелдер;
  • күнбарак;
  • темалар;
  • иш такта эффекттери;
  • апплеттер;
  • кеңейүүлөр.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]