Google (компания)

Wikipedia дан
Google Inc.
Түрү Ачык компания
Катары сатылат GOOG, GGQ1
Түзүүчүлөр Ларри Пейж, Сергей Брин
Башкы кеңселери Googleplex,Маунтин Вю, Калифорния, АКШ
Тейлеген аймактары дүйнө жүзү
Башкы адамдары Larry Page
(Негиздөөчү жана Башкы аткаруучу директор (СЕО))
Эрик Шмидт
(Аткаруучу төрага)
Сергей Брин (Негиздөөчү)
Кызматтары Кара:Google кызматтарынын тизмеси
Киреше increase US$ 37.905 миллиард (2011)
Операциондук киреше increase US$ 11.632 миллиард (2011)
Таза киреше increase US$ 9.737 миллиард (2011)
Бардык активдер increase US$ 72.574 миллиард (2011)
Өздүк капитал increase US$ 58.145 миллиард (2011)
Кызматкерлер 33,077 (2012)[1]
Баш ийген компаниялар AdMob, DoubleClick, Motorola Mobility, On2 Technologies, Picnik, YouTube, Zagat
Желеконушу Google.com

Google Inc. интернетке байланыштуу өндүрүмдөрдү жана кызматтарды: интернетте издөө, булут компутинг, софтвейр жана жарнаманы камсыздаган америкалык эл аралык корпорация. Компаниянын олжосунун дээрлик бардыгын AdWords жарнама кызматынан түшкөн киреше түзөт.[2]

Компания Ларри Пейж жана Сергей Брин тарабынан алар Стэнфорд университетинде окуп жүрүшкөн учурда түзүлгөн. С. Брин менен Л. Пейж биргеликте компаниянын 16 пайызына ээлик кылышат. Google жабык менчик компания катары 1998 ж. Аяк Оонасынын 4 күнү катталаган. 2004 ж. 19 Баш Оонасында алгачкы ачык сунуштоо (IPO) өнөктөштүгү жүргүзүлүп баштаган. Башында компаниянын түпкү максаты "дүйнө жүзүндөгү маалыматтарды жалпы жеткиликтүү жана пайдалуу кылып уюштуруу" - деп аныкталган[3]. Компаниянын бейрасмий урааны - "Тажаал болбо". 2006 ж. компаниянын башкы кеңсеси Калифорниянын Маунтин Вю шаарына көчөт.

Уюшулгандан учурдан башталган ылдам өнүгүү компаниянын өзөгү болгон желеде издөө машинасынына байланышкан жаңы кызматтарды жаратууга, сатып алууларды жүргүзүүгө жана шериктештиктерди түзүүгө алып келген. Компания интернетте колдоно турган электрондук кат, кеңсе программаларынын топтомдорун жана социалдык желелер кызматтарын сунуштайт. "Google" желени сыдыруу, сүрөттөрдү уюштуруу жана оңдоо, ошондой эле заматта баарлашуу үчүн алмашы сыяктуу жергиликтүү аткарылуучу колдонмолорду да сунуштайт. Google Android мобилдик операциондук системасын, браузерге негизделген Google Chrome OS операциондук системасын өнүктүрүүдө да алдыңкы орунду ээлейт жана Chromebook нетбуктар үчүн атайын операциондук системаны түзгөн.

Google дүйнөнүн чар тарабында жайгашкан миллиондон ашык серверлерди иштетет, күн сайын колдонуучулардын миллиарддан ашык издөө талаптарын жана алар жараткан 24 петабайтын тегерегиндеги маалыматтарды тейлейт.

2009 жылдын Аяк Оонасында Alexa рейтингинде АКШ тейлөөгө багытталган google.com Интернеттеги эң көп адам кирген конуш катары таанылган. "Google"дун эл аралык багытта иштеген жана ал ээлик кылган YouTube, Blogger жана Orkut.[32] сыяктуу көптөгөн кызматтар эң көп талап кылынуучу жүз конуштун тизмесине кирет. BrandZ тарабынан түзүүчү брэнддердин рейтингдик маалымат корунда Google экинчи орунду ээлейт. "Google"дун кызматтарынын доменддер мейкиндигиндеги алдыңкы орундарды ээлеши компанияны автордук укук, жеке жашоо купуясы жана цензура темаларынын тегерегинде сын-пикирлерди жаратып келет.

Тарыхы[оңдоо]

[39] "Google" 1996 ж. Ларри Пейждин жана Сергей Бриндин Калифорниядагы Стэнфорд университетеинде (PhD) философия доктору (биздин илимдин кандидатына тете) даражасын жактоодогу изилдөө долбоору катары пайда болгон. Ал учурда издөө машинелери колдонушкан ыкмалар табылгаларды иреттеп көрсөтүүдө изделген сөз конушта канча жолу кайталана тургандыгын эсепке алган. Брин менен Пейж издөө табылгаларын кандайча жакшыртуу тууралуу изденүүнүн натыйжасында конуштардын өз ара байланыштарын талдоого алган системаны сунушташкан. Бул жаңы технология PageRank деп аталган. Анын негизги маңызы - желеконуштун маанилүүлүгү ага шилтеме берген башка желеконуштардын санынын жана алардын салмагынын (маанилүүлүгү) ортосунан келип чыккан байланыш катары эсептеши.

1996 ж. ушундай эле стратегияны колдонгон "RankDex" деп аталаган кичинекей издөө машинеси "IDD Information Services" компаниясынан Робин Ли иштеп чыгып, желеконуштарды эсептөөдө жана рейтинг берүүдө колдонула баштаган болчу. "RankDex" технологиясы кийин Р. Ли тарабынан патенттелип жана Кытайда Baidu кызматын негиздөө үчүн колдонулган.

Л. Пейж менен С. Брин алгач жаңы издөө машинесин конуштун маанилүүлүгүн эсептөөдө кайтарым байланыштарды эсептегендиктен "BackRub" (сөзмө сөз которулушу: "арканы ушалоо") деп аташкан.

Кийин атын "Google" деп өзгөртүшөт, бул googol сөзүнүн ката жазылышынан келип чыккан, бир санынан кийин катары менен жазылуучу жүз нөлдү түшүндүрөт (10 жүзүнчү даражасында) жана издөө машинеси колдонуучулардын эбегейсиз көп маалымат менен камсыз кылууну көздөйт дегенди билдирет. Google иш жүзүндө Стэнфорд университетинин вебсайтынын алдындагы домен катары [4] дарегинде иштеген.

Google үчүн домен 1997 ж. Аяк Оонасынын 15 катталган жана компания 1998 ж. 4 Аяк Оонасында негизделген жана досу Сузан Вожискинин машине сарайында, Менло Парк, Калифорнияда жайгашкан. Стенфорд боюнча курсташы Крейг Силверстайн жумушка алынган биринчи кызматкер болгон.

2011 ж. Бугусунда алгачкы жолу конушка кирген уникалдуу колдонуучулардын саны 1 миллиардан ашкан жана 2010 ж. Бугусундагы көрсөткүчтөрдөн (931 миллион) 8.4% өскөн.

Финансы жана алгачкы ачык сунуштоо (IPO)[оңдоо]

"Google"га болгон алгачкы инвестиция компания түптөлгөнгө чейин эле Sun Microsystems компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Энди Бехтолштейм тарабынан 1998 ж. Баш Оонасында берилген 100 000 доллар болгон. 1999 ж. башында бүтүрүүчү студенттер С. Брин менен Л. Пейж издөө машинесин өнүктүрүүгө алардын окуусуна керек болгон убакыттын көбүн алып жатат деп чечишип, "Excite" компаниясынын башкы аткаруучу директору Жорж Беллге бул ишти 1 млн. долларга сатып алууну сунушташат. Ал сунушту четке кагат жана С. Брин жана Л. Пейж менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында бааны $750 000 түшүргөн "Excite" компаниясынын тобокелчи (венчурдук) капиталисттеринин бири Винод Косланы сынга алат. 1999 ж. Теке айынын 7 күнү тобокелчил капитал (венчурдук капитал) компаниялары "Kleiner Perkins Caufield & Byers" жана "Sequoia Capital" башында турган негизги инвесторлор тобу $25 миллиондук инвестициялык фонд ачкандыгы белгилүү болгон.

"Google"дун алгачы ачык сунуштоосу (IPO) беш жылдан кийин, 2004 жылдын 19 Баш Оонасында (август) орун алган. Ошол учурда Ларри Пейж, Сергей Брин жана Эрик Шмидт "Google"га 20 жыл бою 2024 ж. чейин иштейбиз деп макулдашышкан. Компания 19,605,052 акцияны ар биринин баасын $85 сунушташкан. Акциялар "Morgan Stanley" жана "Credit Suisse" компаниялары кепилдик берген уникалдуу онлайн аукциондо сатылган.

$1.67 миллиардга болгон сатуулар "Google"дун капиталдашуу баасынын $23 миллиарддан ашып түшүшүнө алып келген. Калган 271 миллион акциянын көбү "Google"дун көзөмөлү алдында калып жана анын бир топ кызматкерлери заматта баалуу кагаздарга ээлик кылган миллионерлерге айланышкан. "Google"дун атаандашы "Yahoo!" дагы бул кадамдан пайда көргөн, анткени алар Алгачкы Ачык Сунуштоого чейин эле "Google"дун 8.4 миллион акциясына ээлик кылышкан.

Кээ бир кишилер IPO (Алгачкы Ачык Сунуштоо) "Google"дун уюмдук маданиятын сөзсүз өзгөрүүлөргө тушуктурат деген божомолдорду кызуу талкууга алышкан. Ээлик кылуучулардан тарабынан болгон басымдын себеби көптөгөн компаниялардын башкаруучулары заматта баалуу кагаздар миллионерлери болуп калышан улам кызматкерлердин пайдасынын кыскарышына менен байланыштуулугунда. (??? такташ керек) Мындай тынчсызданууларга жооп катары ээлик кылуучулары Сергей Брин жана Ларри Пейж болочок инвесторлорго болгон кайрылуусунда IPO (ААС) уюмдун маданиятын өзгөртпөйт деп убада беришкен. Бирок 2005 ж. "The New York Times" жана башка маалымат булактары макалаларында "Google" өзүнүн корпоративдүүлүккө каршы, "тажаал болбо" философиясынан тайа баштагандыгынан шекшине башташкан. Компаниянын кайталангыс маданиятын колдоо максатында Google Адам Ресурстарын Башкаруу Директоруна баш ийген Башкы Маданият Кызматкерин киргизишкен. Башкы Маданият Кызматкеринин негизги тапшырмасы - компаниянын маданиятын жана ал негизделгенде кабыл болгон өзөктүк баалулуктарынын - жалпы чөйрөлүү жалпак уюмду андан ары өнүктүрүү жана тейлөө. Ошондой эле, "Google" мурунку кызматкерлери тарабынан аны сексизм (жынысына байланыштуу кысмактоо), эйжизм (жашына карата кысмактоо ) боюнча айыптоолорго кирептер болгон.

Ачык Сунуштоодон кийин мыкты сатуулардын жана онлайн жарнамадан түшкөн олжонун көлөмүнүн өсүшүндө себебинде акциялардын баасы жогорулап 2007 ж. 31 Тогуздун айында биринчи жолу $700 жеткен. Акциялардын толкунун ири институционалдык инвесторлорго жана бириккен фонддорго каршы тарапта ойногон жеке инвесторлор жаратышкан. Компаниянын акциялары азыр "NASDAQ" финансы биржасында "GOOG" жана Франкфурт финансы биржасында "GGQ1" белги-аттары менен тизмекке кирген.

Өсүш[оңдоо]

1999 ж. Жалган Куранында өз кеңсесин Кремний өрөөнүнүн башка дагы көрүнүктүү жаңы баштаган технологиялык компаниялар жайгашкан Калифорниядагы Пало-Алтого көчүргөн. Кийинки жылы Пейж менен Бриндин издөө системасында жарнамага жол бербөө тууралуу баштапкы пикирине каршы келгендигине карабастан, Гугл башкы сөздөрдгө байлаган жарнамыны сата башташкан. Барактардын жасалгасына аз таасир тийгизүү жана жүктөлүү ылдамдыгын жогорулатуу максатында жарнама жалаң гана текст түрүндө берилип башатаган. Баш сөздөрдү сатуу баасы койулган акча менен жарнаманы басылыш көрсөткүчүнүн ортосунан эсептелип чыгып, жарнамага акча койуунун баштапкы баасы бир басканына беш центтен башталган. Башкы сөздөргө байланган жарнаманы сатуу биринчи жолу Goto.com колдонгон жана Билл Гросс тарабынан ойлонуп табылган. Компания атын "Overture Services" деп өзгөртүлгөндөн кийин алар Гуглды басканга-төлө жана акча койуу патенттерин бузду деген күнөөлөө менен соттошуп башташкан. "Overture Services" кийин "Yahoo!" тарабынган сатылып алынып аты "Yahoo! Search Marketing" деп өзгөртүлөт. Иш кийин соттон тышкары макулдашуу аркылуу бүтүрүлүп, Гугл жөнөкөй акцияларын "Yahoo!"-га патенти мөөнөтсүз колдонууга акысынан айырбаштап берүүгө мажбур болгон.

Ушул мезгилде Гугл ПейжРанк (PageRank ) катары баяндалган механизмге патент алууга жетишет. Патент расмий түрдө Стэнфорд университетине берилип ойлоп табуучу катары Лауренс Пейж көргөзүлгөн. 2003 жылы Гугл тез өнүгүү алдында кеңсесин Кремний өрөөнүнөн көчүрүп Калифорниядагы Маунтейн Вйю, Амфитеатр Парквей 1600 дарегиндеги кеңселер топтомуна көчүрөт. Ошондон бери бул кеңселер топтому "Googleplex" катары белгилүү. "Googleplex"-дин ички жасалгасы архитектор Клайв Вилкинсон тарабынан иштелип чыккан. Үч жылдан кийин Гугл SGI-дан имаратты $319 млн. менчикке сатып алган. By that time, the name "Google" had found its way into everyday language, causing the verb "google" to be added to the Merriam Webster Collegiate Dictionary and the Oxford English Dictionary, denoted as "to use the Google search engine to obtain information on the Internet."[141][143]

Сатып алуулар жана шериктештиктер[оңдоо]

2001 ж. бери Google көптөгөн компанияларды сатып алышкан жана негизинен майда тобокелчилдик капитал (ventury capital) компанияларды көңүл бурган. 2004 ж. Google "Keyhole, Inc" сатып алган. Бул жаңы баштаган компания Жердин үч өлчөмдүү элесин берген "Earth Viewer" (Жерди Байкоо) деп аталган өндүрүмдү чыгарган. Google бул кызматтын атын 2005 ж. Google Жер деп өзгөрткөн. Эки жылдан кийин Google YouTube онлайн видеоконушун $1.65 млн. сатып алган. 2007 ж. 13 Чын Куранында Google DoubleClick менен аларды $3.1 миллиардка сатып алуу тууралу макулдашууга жетишкен жана муну менен Google DoubleClick чогулткан жарнама берүүчүлөрдүн жана агенттиктердин баалуу кызматташтык мамилерине ээ болгон. Ошол эле жылы бир аз кийинчерээк Google GrandCentral компанииясын 50 млн. долларга сатып алган. Бул желеконуштун аты кийин Google Voice деп өзгөртүлөт. 2009 ж. 5 Баш Оонасында өзүнүн алгачкы ачык компаниясын - видео софт жасаган On2 Technologies компаниясын $106.5 млн.го сатып алган. Ошондой эле Google "Aardvark", социалдык желелерде издөө системасын $50 млн.го сатып алган жана өзүнүн ички блогунда "биз кай жерде кызматташуу таба алаарыбызды издейбиз" деп коментарийлеген. 2010 ж. Чын Куранында Google "Agnilux" жабдуу өндүрүүчү башталгыч компанияны сатып алган.

Көптөгөн компанияларды сатып алуудан сырткары Google баардык тармактарда көптөгөн уюмдар менен издөөдөн тартып жарнамага чейин кызматташууларды түзгөн. 2005 ж. Google "NASA", "Ames Research Center" менен кеңсе куруу боюнча шериктештик түзгөн. Бул кеңселер ири көлөмдөгү маалыматты башкаруу, нанотехнологиялар, бириндетип эсептөө (булут компютинг) жана космостогу ишкерчилик боюнча изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга дайындалган. 2005 ж. Тогуздун айында Google Sun Microsystems менен өз ара технологияларды бөлүшүү жана аларды жайылтууга көмөктөшүү боюнча шериктештик түзөт. Компания ошондой эле AOL жанаTime Warner менен өз ара видео издөө кызматтарын өркүндөтүү боюнча бириккен кызматташууга катышат. 2005 ж. Google Microsoft, Nokia, жана Ericsson компаниялары менен шериктештикте атайын мобилдүү шаймандар үчүн түзүлгөн ".mobi" атылышындагы жогорку деңгээлдеги доменди каржылоого катышат. Кийинчерээк Google мобилдик жарнаманын артыкчылыктарын колдонгон "Adsense for Mobile" ишке ашырат. Жарманын көлөмүн андан ары дагы көбөйтүү менен Google жана "News Corporation" кирген "Fox Interactive Media" популярдуу MySpace социалдык желесинде издөө жана жарнама жайгаштыруу боюнча $900 миллиондук макулдашууга жетишет.

2006 ж. Тогуздун айында Google видеолорду бөлүшүү үчүн түзүлгөн YouTube сайтын акция түрүндө 1,65 миллиард АКШ долларына сатып алаарын жарыялаган, жана бул иш 2006–ж. Жетинин айында ишке ашырылган. [5] Google YouTube cайтын иштетүүгө канча каражат коротулгандыгы тууралуу кеңири маалымат берген эмес, ал эми 2007 – жылы сайттан түшкөн кирешелердин баары расмий документтерде жөн гана «материалдык эмес» деп көрсөткөн.[6] 2008 – ж. Кулжасында Forbes журналы 2008 – ж. YouTube сайтынан түшкөн пайда болжолу менен 200 млн. АКШ долларына барабар экендигин жарыялаган, ошондой эле жарнак берүү бөлүмүнүн прогрессин өзгөчө белгилеп өткөн.[7] 2007 – ж. Google NORAD Tracks Santa кызматына демөөрчү болуп баштаган. Бул кызмат негизи Исанын туулган күнө кечесинде Санта Клаустун «изи менен жүрүп», ал эмне кылып жатканын көрсөтүп берээр эле. Ал эми Google Earth кызматынын жардамы менен Сантаны ээрчүү биринчи жолу 3-D форматында көрсөтүлүп, [181] ага чейинки спонсор AOL компаниясы четке чыгарылган. Google компаниясынын менчиги болуп калган YouTube сайты NORAD Tracks Santa корсотуусуно озунун бир каналын болуп берген. [183]

2008 ж. Google "GeoEye" менен шериктештикте Google Earth кызматын мыкты сапаттуу сүрөттөр менен камсыздоо максатында обого спутник учурат. Спутник 2008 ж. 6 Аяк Оона күнү Ванденберг Аба Күчтөрүнүн базасынан учурлуган. Google "Life Magazine" журналы менен бирдикте анын сүрөттөр архивин интернетке чыгарган. Бул жерде мурун журналга эч качан чыкпаган сүрөттөр дагы жарыяланган. Бул жерде мурун журналга эч качан чыкпаган сүрөттөр дагы жарыяланган. Сүрөттөр коомдук кенч абалында жарыялангандыгына карабастан суу-белги салынып жана автордук укуктар тууралуу эскертемеси менен коштолгон.

2010 ж. "Google Energy" өзүнүн кайра калыбына келүүчү кубатты өндүрүү боюнча биринчи долбоорун каржылап баштап Түндүк Дакоттадагы эки шамал электр станциясын курууга $38.8 миллион салган. Компания бул эки өндүргүч 169.5 мегаватт же 55000 үй-чарбасын электр кубаттуулук камсыздай ала тургандыгын билдирген. "NextEra Energy Resources" тарабынан курулган бул өндүргүчтөр аймактагы казып алынуучу отундун керектөөсүн кыскартат жана олжо кайтарат. "NextEra Energy Resources" долбоордун өнүгүүсүн каржылоо максатында Google-га анын жыйырма пайызын сатат. 2010 ж. ошондой эле Норвегияда жайгашкан, желеге жердиктелген телеконференция уюштууру кызматын көрсөткөн "Global IP Solutions" компаниясын сатып алат. Бул сатып алуу Google үчүн телефон кызматтарын өз кызматтарына кошконго мүмкүнчүлүк түзөт.

2010 – ж. Бугусунда Google "AdMob" аттуу мобилдик жарнак түйүнүн сатып алгандыгы жөнүндө жар салат. Бул сатып алуу андан бир нече күн мурун Федералдык Соода–Сатык Комиссиясы аркылуу изилденип бүткөн эле.[8] "AdMob" Google компаниясына кандай баада сатылганы жашыруун боюнча калган.[9] Ошол эле жылдын Текесинде Google Айовалык шамал фермасы менен 114 мегаваттык энергияны сатып алуу боюнча 20 жылдык келишимге кол койгон.[10]

2011 – ж. Чын куранында "The Globe and Mail" Google “Nortel Networks” компаниясынын 6000 патентин 900 миллион АКШ долларына сатып алууну сунуш кылгандыгын маалымдаган.[11]

2011 – ж. Баш оонасында Google "Motorola Mobility" компаниясын 12,5 миллиард [12][13] АКШ долларына сатып алаары жонундо айтты, бирок бул келишим Америкалык жана Европалык туруктуулукту камсыздоо кызматтарынын макулдугу менен гана ишке ашат эле. Google блоггунда компаниянын башкы директорунун орун басары жана негиздоочусунун бири Ларри Пейдж "Motorola Mobility" компаниясын сатып алуу Google учун патенттик портфолиосун чындоо учун жасалган стратегиялык журуш экендигин ачыкка чыгарды. Компаниянын Android оперативдик системасы бутун индустрияны камтыган патент согушунда жаны от болуп чыкты; бул создорду Apple жана Microsoft HTC, Samsung жана Motorola сыяктуу Android системасын колдонгон компанияларды сотко бергендиги тастыктап турат [105]. 2012 – ж. Бугусунда Кытай Эл Республикасынын макулдугунан кийин Google "Motorola Mobility" компниясын сатып алууну ишке ашырды [106]. Бир четинен бул келишимдин жыйынтыгында Motorola нын бир далай маанилуу патенттери Google компаниясына "Apple" жана "Microsoft" [105] ж.б. компаниялар менен болгон тирмешуудо [107] жардам берди жана Android системасын эркин колдонууга мумкунчулук тузду [108]. Бул патенттер чонток телефондору жана откоргучсуз иштоочу технологиялар менен иштоо учун берилген эле. Коомдук туйун кызматтарын кенейтуу учун, Google "Meebo" медиа – платформасынан баштап "Silicon Valley" аймагын сатып алууну пландаштырып жатат [109].

Ал эми 2012 – жылдын Кулжасында Google "Quickoffice" компаниясын сатып алган. Бул компания iOS жана Android оперативдик системаларына ылайыкташтырылган мобилдик продукттук комплекти менен кенен таанымал. Google "Quickoffice" компаниясынын технологиясын озунун продукттук комплекти менен кошо иштетууну пландаштырууда [110].

Google маалымат борборлору[оңдоо]

Google Inc. азыркы тапта АКШ территориясы боюнча 6 маалымат борборун, ошондой эле Финляндияда 1 борбор жана Белгияда 1 борборду менчиктеп жана иштетип турат. 2011 ж. Аяк оонасында компания 200 млн. АКШ доллар каражат менен Азияда (Сингапур, Гон Конг жана Тайвань) 3 маалымат борборун кураарын жана алар учун жер сатып алгандыгын жарыялады. Бул борборлор бир же эки жылдын ичинде ишке киришээрин Google айтты.

Продуктылары жана кызматтары[оңдоо]

Жарнак болуму[оңдоо]

2011-ж. Google кирешесинин 96% анын жарнак программаларынан болгон.[113] 2006 - фискалдык жылына карата Google бутун жарнак кирешеси $10.492 млрд. тузгонун, ал эми лицензиялоо ж.б. кирешелери $112 млн. тузгондугун отчет кылган.[114] Google онлайн жарнак рыногунда коптогон коптогон инновацияларды жузого ашырган, жана бул анын рыноктогу эн ири дилер болушуна жардам берген. DoubleClick компаниясынын технологиясын колдонуу менен, Google колдонуучулардын таламдарын жана контекстке жана жарнак коруучулордун таламдарына жооп берген мээленген жарнактарды туура таба алат.[115][116] Google Analytics веб-сайттардын кожоюндары кайсыл жерде жана кантип адамдар анын сайтын колдонуп жаткан билип турууга мумкунчулук берет, мисалы учун, бетчедеги линктер канча жолу басылгандыгын изилдоо аркылуу.[117] Google жарнактары учунчулук тарап сайттарда эки - болум программа турундо орноштурулат. Google AdWords жарнакчыларга жарнактарын Google контексттик жарнак тармактарында ар бир кликке чыгым же ар бир корууго чыгым схемалары аркылуу экрандаштырууга мумкунчулук берет. Анын бир тууган кызматы Google AdSense сайт кожоюндарына жарнактарды озунун сайттарында орноштуууруга жана ар бир клик учун акча табууга мумкунчулук берет.[118] Бул программанын критикаланган бир жаман жери Google клик - фродко каршы күрөшө албастыгы болуп эсептелет, бул кайсы бир адам же автоматтык скрипт продуктыга кызыкпастан эле жарнакты ача бергендиги, ал эми бул учун компания жондон жон эле Google га акча толошу керек. 2006-ж. индустриалдык отчет боюнча болжол менен жарнактардын 14 - 20% фроддук же шектуу.[119] Ошондой эле Google "издоо ичиндеги издоо" программасы боюнча дагы карама - каршылыктар болгон, анын экинчи даражадагы кутучасы колдонуучуга кайсы бир сайттын ичинде издегенин табууга мумкунчулук берет. Бирок бул кутучаны колдонгондо аттандаш компаниялардын жарнактары дагы пайда болуп, клиенттерди озулору издеп баштаган сайттан башка сайттарга тартып кетет эле.[120] Андан тышкары Google жарнакчыларынын цензураларына да каршы даттануулар болгон, бирок бул даттануулардын кобу Сандык Мин жылдык Автордук укук Актысынын талаптарына жооп берет.

Шилтемелер[оңдоо]

  1. Кызматкерлердин саны. Google.
  2. Кара: Google кызматтарынын тизмеси
  3. Google Code of Conduct. Google, Inc..
  4. google.stanford.edu
  5. Reuters. Google closes $A2b YouTube deal, The Age (November 14, 2006). Проверено 5 Июль (Теке) 2010.
  6. Yen, Yi-Wyn. YouTube Looks For the Money Clip (March 25, 2008). Проверено 5 Июль (Теке) 2010.Калып:Dead link
  7. Hardy, Quentin, Evan Hessel. GooTube, Forbes Magazine (May 22, 2008). Проверено 5 Июль (Теке) 2010.
  8. Google AdMob сатып алуусу мүмкүн. AppScout. Ziff Davis Publishing Holdings Inc. (May 27, 2010). Текшерилеген күнү16 Июнь (Кулжа) 2010.
  9. Google Acquires Mobile Display Ad Firm AdMob. PC Magazine. Ziff Davis Publishing Holdings Inc. (November 9, 2010). Текшерилеген күнү16 Июнь (Кулжа) 2010.
  10. Google buys power from Iowa wind farm. News.techworld.com (July 21, 2010). Текшерилеген күнү26 Октябрь (Тогуздун айы) 2010.
  11. Canada. Bid for Nortel patents marks Google's new push into mobile world, Globe and Mail (April 4, 2011). Проверено 25 Апрель 2011.Калып:Dead link
  12. Tsukayama, Hayley. Google agrees to acquire Motorola Mobility, The Washington Post (August 15, 2011). Проверено 17 Август (Баш оона) 2011.
  13. Google to Acquire Motorola Mobility — Google Investor Relations. Google. Текшерилеген күнү17 Август (Баш оона) 2011.