Helicobacter pylori

Википедия дан
Helicobacter pylori.

Геликобактер инфекциясы (лат. Helicobacter pylori) - ашказан оорулары өтө кеңири таралган дарттардын бири. Анын негизги түрүнө өнөкөт гастрит, ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасы жана рак оорусу кирет. Бул ооруларды чогуу жалпылап кароо талапка ылайык. Анткени анын бардыгы өнөкөт гастриттен келип чыгат. Эл арасында муну көп этибар алышпай, "элдин баары эле гастрит менен ооруйт, анын эмнеси бар, дарыланып деле кереги жок" деген пикирлер айтылат. Адистин көз карашында бул албетте туура эмес, себеби, өнөкөт гастрит убагында аныкталып, дарыланбаса, жарага, андан ары ракка айланат. Ашказандын жарасы жана рагы өнөкөт гастрит жок өзүнчө деле пайда болушу мүмкүн.

Мурда ашказан оорулары тамак-ашка байланыштуу (диетаны кармабай коюу, ысык же муздак ичүү, режимди бузуу) келип чыгат деп эсептелчү. Бирок, акыркы 20 жылда ашказан оорусун козгой турган "геликобактер" деп аталган инфекция табылып, аны ойлоп тапкан чет өлкөлүк окумуштуулар Нобель сыйлыгын алышкан. Ал ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап заң, шилекей, тиштин түптөрүндөгү өңөр аркылуу сыртка чыгып, адамдан адамга жугат. Тиричилик шартында кашык, чыны аркылуу, аларды бир нече адамдын бир эле учурда колдонуусунан улам тарайт. Ал таза адамга жуккандан кийин ашказанга келип түшүп, аны сезгентет дагы гастрит оорусун пайда кылат.