Java

Википедия дан

Java - Sun Microsystems (кийин Oracle компаниясы сатып алган) компаниясы иштеп чыккан катуу типтештирилген объектке багытталган программалоо тили. Java колдонмолору адатта атайын байт-кодко которулат. Ошондуктан, алар виртуалдык Java-машинанын жардамы менен бардык компүтердик архитектураларда иштей алышат. Расмий чыгарылышы 1995-жылы 23-майда болгон.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тилдин негизги өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Java программалар Java байт-кодуна которулат. Бул иш байттык кодду иштетип, нускамаларды жабдууга чечмелөөчү катары өткөргөн программада - Java виртуалдык машинасында (VJM) аткарылат.

Программаны иштетүүнүн мындай ыкмасынын артыкчылыгы байт-коддун операциондук системден жана жабдуудан толук көз карандысыздыгы болуп саналат. Мындайда Java-колдонмолорду туура келген виртуалдык машине бар бардык түзмөктөрдө иштетүүгө болот. Java технологиясынын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү коопсуздук системи болуп саналат. Мында программаны иштетүү толугу менен виртуалдык машинанын көзөмөлү астында жүрөт. Белгиленген ыйгарым укуктардын чегинен чыккан бардык иш аракеттер (мисалы, маалыматтарга уруксатсыз жетүү же башка компьютерге кошулуу аркети) тезинен токтотууга себеп болот.

shootout.alioth.debian.org сайтынын маалыматтарына ылайык, Java'да жети түрдүү милдет аткаруу убактысы C/C++'тыкынан бир жарым-эки эсе көп. Кай бир учурда Java ылдамыраак, кай бир учурда 7 эсе жай. Башка жагынан алып караганда, алардын көбү үчүн Java-машина керектеген эстутум C / С++'тагы программага караганда 10-30 эсе жогору болгон. Ошондой эле белгилей кетчү изилдөө Google тарабынан жүргүзүлгөн. Бул изилдөөдө Java'дагы тесттик үлгүлөрдүн C++'тагы окшош программаларга караганда өндүрүмдүүлүгү кыйла төмөн болуп, эс-тутум керектөөсү жогору болгону айтылат.

Концепцияда камтылган ойлор жана Java виртуалдык машинасынын чөйрөсүнүн түрдүүчө ишке ашырылышы көптөгөн ышкыбоздорго виртуалдык машинада иштеген программаларды жасоо үчүн колдонууга мүмкүн болгон тилдердин санын көбөйтүүгө дем берген. Бул идеялар Microsoft'тун .NET аянтчасынын негизин түзгөн CLI жалпы тилдик инфраструктурасынын өзгөчөлөнүүсүндө да көрүнгөн.

JavaScript чынында динамикалуу тили болуп саналат. Туура Синтаксис болсо, сен бар эмес, жазып, эмне, сен узактыгы ката болсо, сиз каалаган сиз негизинен жаза аласыз, анткени сейрек, ушул сыяктуу нерселерди тандыраарлык операторун колдонуу керек.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Динамикалык өзгөрүүлөрдүн түзүү.. Текшерилген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 13 -декабрь (бештин айы) 2019.