Toваp өндүрүшү

Википедия дан

Toваp өндүрүшү - өз керектөөсү үчүн эмес, соода үчүн продукт чыгаруучу коомдук өндүрүштүн формасы (к. Товар).

Өндүрүш каражаттарынын жеке менчигине жана товар чыгаруучулардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жеке эмгегине негизделген жөнөкөй Toваp өндүрүшү (майда товардын) алгачкы жамаат коому ыдырап, коомдук бөлүнүүнүн мезгилинде пайда болуп, жеке муктаждыктарды канааттандырып турган. Тарыхый өнүгүүнүн белгилүү баскычында жеке менчикке жана өндүрүш каражаттарысыз жалданма жумушчулардын эмгегине негизделген Toваp өндүрүшү пайда болгон. Мында Toваp өндүрүшү жалпы жана үстөмдүк кылуучу өндүрүш формасына, ал эми жумушчу күчү болсо товарга айланат. Рынок шартында Toваp өндүрүшүнүн түпкү максаты - пайда алуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4