Исаев, Кусеин

Википедия дан
Исаев Кусеин

Исаев Кусеин (1937-ж. т., Ысык-Көл району, Бостери айылы) — экономист, социолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1985).

1955-ж. КМУну (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУну) бүтүргөн.
1961—62-ж. КМУнун саясий экономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу.
1969—87-ж. Бишкек политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан ошол эле кафедрада профессор, cоциология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы.
1993-жылдан тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институтунун (1994-жылдан Бишкек гуманитардык университети) социология жана саясатты таануу кафедрасынын башчысы, 1994-жылдан Башкаруу жана социология факультетинин деканы.

Исаев Кусеин 140тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине; социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арналган.

Кыргыз Республикасынын социологдор коомунун төрагасы (1991), Эл аралык социологдор ассоциациясынын ынтымакташтыгынын вице президенти (1993). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Туугандары. Үй-бүлөсү. Шакирттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор К.Исаевдин бир тууган агасы таанымал географ, профессор Акыбай Исаев болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]