Мүчөл

Википедия дан
Чыгыш жылсанагы. Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ыбаадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген.
Чыгыш жылсанагы. Жапониянын Фукуока шаарындагы синтоисттик “Кусида” (“Кушида”) ыбаадатканасынын дарбазасынын шыбына оюлуп чегилген.


МҮЧӨЛ – 1. кең мааниде: 12 жаныбардын аты менен аталган Чыгыш жыл санагы. 2. тар мааниде: кыргыздарда жана башка түрк калктарында адам жашын аныктоо ыкмасы. 12 жаныбардын аты менен аталган Чыгыш жыл санагы боюнча бир цикл 12 жылда бүтүп, экинчиси башталганда мүчөл жылы деп эсептелет. Биринчи мүчөл 13, эки мүчөл. 25, үч мүчөл 37, төрт мүчөл 49 жыл жана башка.

Кыскача таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл сүрүү менен байланыштуу бул салт жалпы түрк-монгол көчмөн цивилизациясынын орток башатына байланыштуу.

Кыргыз элинин уламыштарынын биринде анын келип чыгуу себеби төмөндөгүдөй баяндалат: чыгып келаткан күндү биринчи көргөн жандын атынан жыл эсеби башталат дегенди угуп, таң аткыча уктабай чыгыш тарапты карап турган төөдөн акылдуулук кылып, анын төбөсүнө (кулагына) чыгып алган чычкан таңкы күндү биринчи көргөндүктөн, жыл эсеби анын атынан аталып калган; буга ачууланган төө жыл эсебине таптакыр кирбей койгон имиш.

Жыл сүрүүнүн 12 жылдык циклинин биринчи жылы “чычкан”, экинчиси “уй”, үчүнчүсү “барс”, төртүнчүсү “коён”, бешинчиси “улуу” (кытайча “лу” – “ажыдаар”), алтынчысы “жылан”, жетинчиси “жылкы”, сегизинчиси “кой”, тогузунчусу “мечин” (“маймыл”), онунчусу “тоок”, он биринчиси “ит”, он экинчиси “донуз”аталат.

Кыргызча жыл сүрүүнүн азыркы календарь б-ча берилиши

  1. Чычкан 1924 1936 1948 1960 1972 1984 1996 2008
  2. Уй 1925 1937 1949 1961 1973 1985 1997 2009
  3. Барс 1926 1938 1950 1962 1974 1986 1998 2010
  4. Коён 1927 1939 1951 1963 1975 1987 1999 2011
  5. Улуу 1928 1940 1952 1964 1976 1988 2000 2012
  6. Жылан 1929 1941 1953 1965 1977 1989 2001 2013
  7. Жылкы 1930 1942 1954 1966 1978 1990 2002 2014
  8. Кой 1931 1943 1955 1967 1979 1991 2003 2015
  9. Мечин 1932 1944 1956 1968 1980 1992 2004 2016
  10. Тоок 1933 1945 1957 1969 1981 1993 2005 2017
  11. Ит 1934 1946 1958 1970 1982 1994 2006 2018
  12. Донуз 1935 1947 1959 1971 1983 1995 2007 2019




Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.