Сабыр Аттокуров

Википедия дан

Сабыр Аттокуров (Sabyr Attokurov; 12.04.1932 Жумгал району, Лама айылы - 02.01.2005, Бишкек шаары) — Кыргызстандагы көрүнүктүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1971), Кыргызстандын өнөр жайынын тарыхын, кыргыз этнографиясын жана санжырасын илимктеген адис.


Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Аттокуров Кыргызстандын Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Лама айылында 1932-жылдын 12-апрелинде туулган. Теги - кыргыздын саяк уруусунан.

1953-ж. Кыргыз мамлекеттик пединститутунун тарых фикультетин, 1956-ж. анын аспирантурасын бүткөн.

1956—62-ж. КМУда окутуучу, 1963 -70-ж. доцент, 1970—86-ж. профессор болуп иштеген.

1986-89-жылдары Кыргызстан Компартиясынын идеологдору тарабынан жазыксыз жерден "улутчул" катары куугунтукталган.

1986-жылдан Кыргызстан УИАнын Тарых институтунун совет мезгили бөлүмүндө улук илимий кызматкер, 1993-жылдан бөлүм башчы болгон.

2005-жылы 2-январда Бишкекте каза болгон. Сөөгү Бишкекке коюлган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

С.Аттокуров 200дөн ашык илимий эмгектин автору (анын ичинде 10 монография).
Ал өз чыгармачылыгында Кыргызстандын өнөр жайынын пайда болуу тарыхы менен биргеликте эле археологиялык, этнографиялык тарыхын изилдеген.Мындан тышкары ал 200 дөн ашуун илимий эмгектин, монографиялардын, окуу куралдарынын, сөздүктөрүн жазып, тарых илимдеринин бир канча кандидаттарын жана докторлорун даярдаган. СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Улуттук университетинде иштеген.
Студенттерине окуган лекцияларында кыргыз элинин өзгөчөлүгүн, каада-салты менен үрп-адаты жана аларды сактап калуу зарылчылыгы тууралуу айтып келгендиги үчүн 80-жылдардын акырында улутчул деген жалган жалаа менен жумушунан бошотулуп, КПССтин катарынан чыгарылган. Кийинчерээк КПССтин БКнын чечими менен ал реабилитацияланып, партияга кайрадан мүчө болгон.

Санжыра тууралуу эмгектеринен[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхчы Сабыр Аттокуров мындай сүрөттөмө берет: “Санжыра биздин тарыхыбыз, басып өткөн жолубуз. Санжыранын түпкү максаты кыргыздарды урууга бөлүү эмес, аларды ким кайдан экенин билүүгө үйрөтүү. Кылымдар бою бир тилде сүйлөп, бир динге табынып, бир туунун астында жеңип, жеңилип, качып, качырып, Ала-Тоону мекендеп келгенибизди далилдейт”.

Жарыяланган эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын өнөр жайынын тарыхына арналган бир нече эмгек жарыялаган.

  • Аттокуров, Сабыр. История индустриального развития Киргизии. (1917-1937 гг.) [Текст]. - Фрунзе: Кыргызстан, 1965. - 463 с.
  • Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. – Бишкек: Кыргызстан, 1995. – Кыргыз УИАсынын Тарых институту. Илимий-пропагандалык координациялык «Мурас» ишкер долбоору. - 214 б. - ISBN: 978 5655 009 587; 978 5655 009 585.
  • Аттокуров С. Тайлак баатыр: Окуу куралы. – Бишкек: Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, 1994. – 94 б.

Ошондой эле кыргыз элинин жалпы тарыхына байланыштуу:


"Тагай бий" (1994),

"Кыргыз санжырасы" (1995),

"Кыргыз этнографиясынын тарых наамасы" (1996);

жана башка китептери жарык көргөн.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.


  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Материалы республиканской научной конференции, посвященной 80-летию со дня рождения известного ученого-историка, доктора наук, профессора Аттокурова Сабыра Аттокуровича, 12 апреля 2012 года / Отв. ред. Б.М. Жумабаев. – Бишкек, 2013. – 312 с. - Кыргызский Национальный университет им. Жусупа Баласагына. - ISBN: 978 9967 029 07 1; 9967 029 07 2.

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]