Самсак Станалиев
Самсак Станалиев | |
Туулган датасы: |
11 -сентябрь 1950 (74 жаш) |
---|---|
Туулган жери: | |
Жарандыгы: |
Самсак Станалиев (1950-жылы 11-сентябрда туулган) — Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2020), акын, романист, адабиятчы, сынчы, публицист, котормочу.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Станалиев Самсак Станалиевич Кетмен-Төбө өрөөнүндө, азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда туулган.
1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарын гидроэнергокурулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп иштеген.
1969–1971-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1971–1972-жж. Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу коми-тетинин жаштар редакциясында редактор, 1978–1980-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.
2000–2001-жж. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышкан.
2001-жылдан баштап «Кыргыз Туусу» гезитинде баяндамачы болуп иштеген.
2005–2011-жж. «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору болгон.
2019–2021-жж. ай сайын чыкчу «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору болгон.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]С.Станалиев поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. «Сүйүнчү»(1982), “Кыймыл” (1986), “Ылдамдык”(1990) деген ыр китептери жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус, украин, казак, түрк тилдерине которулган. Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон. Жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланыштуу, ошондой эле С.Карачев, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолун жана чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.
«Токтогул району» (2005), «Бул эмне, ал ким?» (1987, 2004) аталыштагы балдар энциклопедиясынын жергиликтүү материалдарынын авторлорунун бири. 1989-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жазуучу Самсак Станалиев “Ак нурунан аккан жаш”(2004), Токтогулдун махабаты (2004), “Акзыйнат” (2004), “Атайдын күйдүмчогу” (2004), “Жүрөктөгү ыр”(2004), “Раймалы”(Э.Отунчиев менен бирге) (2005), “Залкарлар сүйгөн сулуулар” (2007) китебинде Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев өңдүү залкар таланттардын тагдыр-турмушу оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндаган.
Самсак Станалиев кыргыз адабиятында тарыхый-биографиялык романдары менен өзгөчө орун ээлеген жазуучу. Ал 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) өмүр жолу баяндалган “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (2001) романын жазган. Бул роман орто мектепредин 9,10,11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген. Ошондой эле кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдырына кайрылган «Жылдын эң узак күнү» (2007) романын, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» (2018) роман-трилогиясын жазган. Анын "Чагылгандын көз жашы" жана "Акжарыктын айыкпаган сыныгы" романдары окурмандардын суроо-талаптары менен бир нече жолу басылып чыккан.
Жарыяланган чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Сүйүнчү: Ырлар, балладалар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 28 б.
- Кыймыл: Ырлар, балладалар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1986. – 72 б.
- Ылдамдык: Ырлар, балладалар, поэмалар. – Ф.: Адабият, 1990. – 96 б.
- Касым Тыныстанов («Чагылгандын көз жашы») Тарыхый роман. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. 2001. – 480 б.
- Ак нурунан аккан жаш. Тарыхый очерк. Б.: “Учкун” ААК. 2004-ж. 72 б.
- Токтогулдун махабаты. Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 32-бет.
- Акзыйнат. Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 48-бет.
- Атайдын күйдүмчогу. Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 48-бет.
- Жүрөктөгү ыр. Эссе. Б.: “Учкун” АК. 2004-ж. 32-бет.
- Раймалы. Эссе. (Э.Отунчиев менен бирге) Б.: “Учкун” АК. 2005-ж. 38-бет.
- Залкарлар сүйгөн сулуулар. Аңгеме, эсселер, макалалар. – Б.: “Бийиктик”, 2007-ж. 152 б.
- Жылдын эң узак күнү: Роман. – Б.: “Гүлчынар”, 2007. – 362 б.
- Акжарыктын айыкпаган сыныгы: Роман трилогия. – Б.: “Принт Экспресс”, 2018. – 752 б.
Которгон китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Тихомиров О. Н. Чегиртке: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1981. – 128 б.
- Одоевский В.Ф. Иреней чоң атанын жомокторунан. Ф.: Мектеп, 1985. – 46 б.
- Toп жылдыз: Жаш акындардын ырлары. (С.Эралиев, А.Өмүрканов менен). Ф.: Адабият, 1990. – 128 б.
- Айтматов Ч. Тоолор кулаганда (Кызкайып): Роман. – Б.: “Бийиктик”, “Турар”, 2008. – 272 б.
- Манастын бала чагы. Эпос-жомок, Б.: “Раритет”, 2010. – 120 б.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://www.azattyk.org/a/kyrgyz_literature_samsak_stanaliev_novel_on_kasym_tynystanov_ky/29265282.html
- https://www.azattyk.org/a/1269683.html
- http://kyrgyztuusu.kg/?p=10745(жеткиликсиз шилтеме)
- http://ruhesh.kg/2017/04/12/samsak-stanaliev-tynystanovdu-nkvd-emes-ele-z-m-kyjnap-men-atyp-salgandaj-bolo-berem/ Archived 2018-05-05 at the Wayback Machine
- http://www.ktrk.kg/kyrgyzradio/show/12276 Archived 2018-06-05 at the Wayback Machine
- https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan/2012/11/121105_stanaliev