Касым Тыныстанов
Касым Тыныстанов | |
Ишмердүүлүк тармагы: |
акын, окумуштуу, мамлекеттик ишмер |
---|---|
Туулган датасы: | |
Туулган жери: |
Чырпыкты, Жети-Суу облусу (учурдагы Ысык-Көл облусу) , Орусия империясы |
Жарандыгы: | |
Өлгөн датасы: |
Касым Тыныстанов (10-сентябрь 1901-жылы, Орусия империясы, азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагы ― 6-ноябрь 1938-жылы, СССР, Кыргыз ССР, азыркы Ата-Бейит) ― кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, биринчи кыргыз профессору.
Өмүр баяны
Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган. «Эркин Тоо» гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-1930-жылдары Кыргыз АССРнин эл агартуу комиссары. 1928-жылында «Жаңы маданият жолунда» журналды уюштурууга катышып 1931-жылга чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-1937-жылдары ― Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, мүдүрдүн милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.
1938-жылы куугунтуктар учурунда «эл душманы» деген наамга коюлуп, атылып өлтүрүлгөн.
Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. Касым адегенде казакча, кийин кыргызча жазган ырлары Алматы жана Ташкентте казакча чыгуучу газета-журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн.Касым - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А. Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлары" деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган. Касым кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе Манас эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаев уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. Манас эпосун орусчага которуу ишине катышкан. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Ата-энесинин тек–жайы, турмуштук абалы жөнүндө так маалымат жок. К. Тыныстанов жөнүндө жазылган макалаларда анын кедей үй-бүлөдөн чыккандыгы айтылса, кээ бир изилдөөчүлөр атасын оокаттуу адамдардын катарына кошушат. К. Тыныстанов 1909-1912-жылдарда Чырпыктыда мусулман мектебинде окуп, андан кийин Сазановка айылындагы өзбек медресесине кирет. 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы Үркүн учурунда эл менен Кытайга качат. Ал Кытайда кандай жашоо өткөргөндүгү тууралуу маалымат жок. 1918-жылы гана кайтып келип көл башындагы Тепке айылында таякелериникинде туруп калган. Тепке айылында жүргөндө ыр дагы чыгара баштаган. 1919-жылы Ташкентге келип, Казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо бөлүмүнө алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун 1-курсуна кабыл алынган.
Ишмердик жолу
К.Тыныстановдун ишмердик жолу институтта окуп жүргөн кезинде эле башталган. Ал 1920-1924-жылдары «Өрис», «Ак-Жол» гезиттеринде, «Жас Кайрат», «Сана» журналдарында кызматкер болгон. 1925-жылы Кыргыз автономиялуу облусунун Академиялык Борборунун Кыргыз бөлүмүнүн катчылыгына дайындалат. Ал кызматта 1926-жылга чейин иштеп, ошол эле убакта «Эркин-Тоо» гезитинин жооптуу редакторунун милдетин да аткарган. 1927-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасынын Эл Агартуу Комиссары болуп дайындалып, үч жыл эмгектенген. Ушул эле убакта «Жаны маданият» журналынын редактору, 1930-37-жылдарда Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, 3 ай анын жетекчиси кызматын аркалаган. Кыргыз педагогикалык институтунда лекция окуган. Тыныстанов Кыргыз ССРиндеги 1932-жылы доценттик, 1936-жылы профессорлук наамын алган алгачкы адам.
Илимий ишмердиги жана чыгармачылыгы
К.Тыныстанов адегенде араб тамгасын колдоп, кийин латын тамгасына, андан орус тамгасына өтүүгө алгачкылардан болуп үндөгөнүн замандаштары эскерет. «Эркин-Тоо» гезитинин 1926-жылкы 8-апрелдеги санында анын «Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры» деген макаласы басылып, ал курултайда өзү түзгөн латын алфавитинин долбоору боюнча баяндама жасаган.
Бул мезгилде жергебизде жаны мектептердин массалык түрдө ачылышы да анын чыгармачылыгынын гүлдөп турган учуруна туш келди. Ал мектептер үчүн эне тилибизде окуу китептери түзүлүшү зарыл эле.
Дал ушул маанилүү маселени чечүүнү Касым жарандык-атуулдук милдетим деп эсептеп, окуулуктарды түзүп,кураштырууга биротоло отурат.
1924-жылы «Окуу китебин» түзүп, 1926-жылы «Чондор үчүн алиппе», 1927-жылы «Эне тилибиз», 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сөздүк», 1934-жылы «Кыргыз тилинин морфологиясын» 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин» жаратты.
Ошондой эле «Эне тили», «Жаны айыл», «Кыргыз адабий тилинин жаны долбоору», «Жаны алфавит түзүүнүн жаны принциптери», «Биздин тил» ж.б. макала, эмгектерин жазды. 37-жылдык өмүрүнүн көп бөлүгүн мамлеккетик жумуштарга арнаган К.Тыныстанов көркөм чыгарма жазууга убактысы аз болгон. Ошондой болсо дагы Ташкентте окуп жүргөндө «Өрис», «Жаны өрис» гезиттеринде бир нече казакча ырлары жарык көргөн. Анын биринчи өз эне тилинде жазылган ыры «Ала-Тоо» 1922-жылы жазылган. Ал поэзия менен гана эмес, проза менен дагы алектенип, «Жас кайрат» журналынын төрт санына «Мариям менен көл боюнда» деген көлөмдүү ангемеси «Келгин» деген ат менен жарыкка чыккан. Бул аңгеме кыргыз реалисттик прозанын алгачкы чыгармасы болуп саналат[1]. 1925-жылы Москвадан чыккан «Касым ырларынын жыйнагы» акындын 1919-1924-жылдары жазылган бардык ырларынан куралаган.Ага удаа поэзиялык котормолор топтому «Өзгөрүш ырлар» деген ат менен Фрунзеде жазылды. Анын бул жыйнагына казак тилиндеги он эки, кыргыз тилиндеги жыйырма бир ыры жана «Жаныл Мырза» поэмасы кирген.
К.Тыныстановдун жетекчилиги менен У.Абдукаимов, К.Карасаев, Т. Саманчин «Манастын» «Чон казат» бөлүгүн сапма-сап которушкан. «Академия кечелери» пьесалар түрмөгүндө «Алмамбет менен Чубактын жол талашканы» жана «Yргөнчтүн жээгинде Айчүрөктүн кырк кыз менен турушу» деген эки көрүнүш жазылган.
К.Тыныстановдун куугунтукка алынышы
Касым жаш кезинде кургак учук менен ооруган, бул оорусу 30-жылдардын башында козголгон, дарыгерлердин жардамы менен айыгып жаны эле иштей баштаганда ага «эл душманы» деген жала жабылып, жашоосундагы оор күндөр башталган. «Академиялык кечелер» театрга коюлуп башталганда 1933-жылдын 24-февралындагы жана 6-мартындагы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин сандарында А.Токомбаевдин «Академиялык кечеси тууралуу» жана «Академиялык кеченин тыянагы» деген эки макаласы жарык көргөн. Бул макалаларда Касымга карата сындар айтылган .К.Тыныстановду улутчул, панисламизм, пантүркизм идеяларына сугарылган деп анын «Касым ырлар жыйнагы», «Академиялык кечелер» чыгармаларынын мазмунуна карап гана күнөөлөбөстөн, жаш кезинде алаш ордочулар менен идеялаш болгон деп дагы күнөө коюшкан.
1937-жылы Москвадан чакыртылып, эч себепсиз партиядан чыгарылып, 1-августта камалган.
1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык көчмө сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо» уюмуна, андан кийин буржуазиячыл-улутчул, диверсиялык зыянкеч , «Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген күнөө менен коюлуп, атууга өкүм кылынган. θкүм тез аткарылып 7-ноябрда атылган.
1956-жылы аялы Турдубүбү тиешелүү органдарга кайрылып, 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскердик соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган. 1958-жылы 22-январда аны партиялык жактан акталган.
Булактар
- ↑ Шамшиев, Бекташ. “Мариям кетти... бир жолу кетти...”, Азаттык үналгысы (14.06.2018).