Айыбын (күнөөсүн) моюндап келүү
Айыбын (күнөөсүн) моюндап келүү – кылмыш жасаган кишинин ал тууралуу тергөө, прокуратура органдарына, сотко өзүн сот адилеттигинин колуна тапшыруу ниети менен өз ыктыярдуу келүүсү. КР кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында А. м. к-сү кылмыш-жаза ишин козгоонун бир жүйөсү болуп саналат жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуунун атайын түрүн колдонуу үчүн кызмат кылышы мүмкүн. Айыпкер өзүнүн кылмышы ашкереленерин күн мурунтан билип келген учурларда, А. м. к-нү жеңилдетүүчү жагдай катары кароого болбойт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|