Дарья Маслова

Википедия дан
Дарья Маслова
Жалпы маалымат
Туулган датасы

6 -май 1995(1995-05-06) (29 жаш)

Туулган жери


Каракол , Ысык-Көл облусу, Кыргызстан

Жарандыгы

 Кыргызстан

Бою

165 см

Салмагы

44 кг

IAAF

291067; 14583875

Жеке рекордтору
1500 м

4:24,61 (2015)

3000 м

9:16,23 (2014)

5000 м

15:00,42 NR (2017)

10 000 м

31:36,90 NR (2016)

Эл аралык медалдары
Азия оюндары
Алтын Жакарта 2018 10 000 м
Күмүш Жакарта 2018 5 000 м
Азия чемпиондугу
Алтын Бхубанешвар 2017 10000 м
Алтын Бхубанешвар 2017 5000 м
Коло Ухань 2015 5000 м
Универсиадада
Алтын Тайбэй 2017 5000 м
Коло Кванжу 2015 5000 м
Мамлекеттик сыйлыктар
Калып:Даңк ордени
Медиафайлдар Викиказынада

Дарья Маслова (төр. 6 май 1995) — Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча спортчусу жана эл аралык класстагы спорт чебери.

Жетишкендиктери – 5000 метр аралыкта Жайкы Универсиадада коло медаль (Кванжу-2015), жаштар арасында Азия чемпиону (Тайпей-2014), Азия чемпиондугунда коло байге (Узань-2015).

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ысык-Көлдө туулуп-өскөн Дарья Дене тарбия жана спорт академиясында билим алат. Ал жаштайынан олуттуу көрсөткүчтөрдү багынтып, көптү үмүттөндүрүп келет. Дарья 2016 жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн Ташкент шаарында жеӊил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилигине катышып, 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынаган. Анда аталган аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, 2-орун менен кошо Олимпиадалык ченемин толтура алган.

«Өзүм Ысык-Көлдүн Пржевальск-Пристань айылынан болом. Мектепти бүткөн соӊ Дене тарбия жана спорт академиясында чуркоо менен олуттуу машыга баштагам. Олимпиадага катышуу – менин эӊ алгачкы максаттарымдын бири. «Рио-де-Жанейро-2016» оюндары мен үчүн тажрыйба топтоо гана болбостон, өз деӊгээлимди жогорку тепкичке чыгаруу болуп саналды. Спортто ийгилик 99 пайыз машыгуу жана өжөрлүктөн турса, калган 1 пайызы сенин физикалык көрсөткүчүӊ»

Негизги мелдештери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Мелдештер Өткөрүлгөн жерлери Оруну Дисциплиналары Жыйынтыгы
2014 Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу Тайвань Тайпей 1 3000 м 9:16,23
1 5000 м 16:18,35
Жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугу Америка Кошмо Штаттары Южин 14 3000 м 9:30,28
10 5000 м 16:07,58
Азия оюндары Корея Республикасы Инчхон 9 5000 м 15:47,17
2015 Азия чемпиондугу Кытай Ухань 3 5000 м 15:42,82
Универсиада Корея Республикасы Кванжу 3 5000 м 16:04,09
2016 Олимпиада оюндары Бразилия Рио-де-Жанейро 19 10 000 м 31:36,90

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]