Мазмунга өтүү

Интегралдык оптика

Википедия дан

Интегралдык оптика – оптоэлектрониканын бир бөлүмү.

Анын негизги милдети тунук материалдардын жука катмарында пайда болуучу оптикалык кубулуштарды жана бул кубулуштардын негизинде иштөөчү Интегралдык оптикалык элементтерди, аспаптарды түзүү. Бул элементтер жана аспаптар жарык толкунун жаратуу, аны өзгөртүү, таратуу милдеттерин аткарышат. Интегралдык оптика 20-кылымдын 70-ж-дарында пайда болгон.

Интегралдык оптиканын негизги элементине миниатюрдук жарыкты багыттап өткөргүч кирет. Ал диэлектриктин бетине чачыратуу же диффузия жолу менен жаратылган жарык толкунун багыттуу таратуучу жука катмар. Жука катмардын сынуу көрсөткүчү диэлектриктин жана тышкы чөйрөнүн сынуу көрсөткүч-төрүнөн чоң болгондуктан жарык толук чагылуу кубулушуна учурап, бул катмардын ичинен чыга албайт.

Жарыкты багыттуу өткөргүчтүн ичинде пайда болуучу кубулуштардын негизинде ар түрдүү Интегралдык оптикалык схемалар түзүлдү. Бул схемалар акустикоптикалык, электроптикалык, магнитоптикалык модуляторлорду жана жарык дефлекторлорун, жыштык чыпкаларын, фазаны айландыруучуларды ж. б. камтыйт. Интегралдык оптиканын аспаптарында оптоэлектрониканын элементтерине кирүүчү гетеролазерлер, фототранзисторлор, фотодиоддор жана фоторезисторлор кеңири колдонулат. Интегралдык оптиканын ыкмаларын колдонуу оптикалык байланышты жаратууга жана маалыматты оптикалык талдоо системаларын түзүүгө ж. б. кеңири мүмкүнчүлүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]