Колдонуучу:Chorobek/Аскат Жетиген Уулу

Википедия дан

Аскат Жетиген Уулу - комузчу, акын, обончу, композитор, жарандык активист.

Аскат Жетиген уулу 1993-ж. 10-октябрда Кыргыз Республикасынын, Нарын облусунун, Кочкор районуна караштуу Ормон–Хан, (Кара – Күңгөй) айылында туулган. Балалыгы өнөрпоздордун курчоосунда өткөн. Аскат 5 жашынан тарта комуз черте баштаган. Чоң атасы Сабит акындык жайы бар, комузда кол ойнотуп черте билген. Чоң апасы Бурулкан чебер ууз, мыкты кошокчу болгон. Атасы Жетиген окуучулук кезинен республикалык конкурстарда баш байге алып жүргөн чебер комузчу.

2011-ж. “Устат-Шакирт” борборунда түзүлгөн "Устат-Шакирт" салттык музыка ансамблинде комузчу катары эмгектене баштаган. Аскат ал борбордо оранжировка жасоону, оркестровка кылууну, үн жаздырууну ошондой эле англис тилин өздөштүргөн. Ошону менен катар эле борбордун алкагында уюштурулган семинар, лаборатория, мастер-класстарга катышып Зайнидин Иманалиев, Нурланбек Нишанов, Нурак Абдыракманов, Намазбек Уралиев, Руслан Жумабаев, Рахат Көчөрбаев, Бакыт Чытырбаев жана Кенже Кубатова, Тед Левин, Другабош, Ари Лоран, Тод Рейнолдс, Марк Стюард, Роберт Блэк жана башкалардан таалим алган.

2012-ж. устаты Нурланбек Нышановдун сунушу менен дүйнөгө таанымал “Ордо Сахна” фолклордук этнографиялык театрына музыкалык жетекчи болуп кабыл алынган. Театр менен бирге дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде өткөн фестивалдарга катышуучу болсо дагы, көп учур театрдан тышкары өз алдынча ондогон мамлекеттерде концерттик тур менен чыгармачылык кечелерин өткөргөн.

2021- ж. тарта эркин өнөрпоз жана жарандык активист катары иш жүргүзүп келет.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2003-ж. Ага Хан фондусунун колдоосу менен ачылган “Устат-шакирт” борборуна, Зайнидин Иманалиевдин комуз классына алынган. Комуз менен катар Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кенже Кубатовадан ырдоодон сабак алган.
  • 2006-ж. жетишкен ийгилиги үчүн “Устат Шакирт” борборунун концертмейстери аталган.
  • 2009-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык мектебинде, Нурланбек Нышановдун үйлөмө аспаптар классында окуп баштаган. 2011-ж. бул окуудан кийин четтетилген.

Иш жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2003-2009 - “Жаш Тилек” ансамблинин жетекчиси
  • 2006-2012 – "Устат-Шакирт" борборунун концертмейстери.
  • 2009-2014 - “Устат-Шакирт” салттык-музыкалык ансамблинин концертмейстери
  • 2012-2018 - "Ордо Сахна" фольклордук этнографиялык театрынын музыкалык жетекчиси
  • 2012-2014 – "Устат-Шакирт" салттык-музыкалык ансамблинин көркөм жетекчисинин ассистенти
  • 2020–2021 – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде юбилейлик жана мамлекеттик иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана улуттук маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн башкы адиси.