Кольпит

Википедия дан

Кольпит (вагинит) — жатын кынынын былжыр челинин сезгениши.

Этиопатогенез[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өздүк гигиенаны (сүлгү, жуунгуч, ич кийимди аралаш колдонуу) жана жыныс гигиенасын (туш келди жыныстык байланыш) жакшы сактабаганда, жатын кынына түрдүү оору козгоочу микроорганизмдер (стрептококк, стафилококк, гонококк, трихомонада) жана мите козу карындар түшкөндө, кынга бөтөн нерсе киргенде, аборттон жана төрөттөн кын жабыркаганда, энтеробиоздо болот. Ошондой эле жатын кынын көп жуу, бойго болтурбоо үчүн химиялык заттарды көпкө колдонуу, жатындый түшүшүндө жатын шакекчесин көпкө тагынуу жана башка түрткү болушу мүмкүн. Кольпиттин пайда болушуна климактерий мезгилинде энелик бездин функциясынын начарлашы таасир этет. Антибиотиктерди узак убакыт баш аламан ичүүдөн козу карын кольпити өөрчүшү мүмкүн. Ошондой эле кептөөр, скарлатина, ангинанын кабылдоосу катары, бул оорулардын козгогучу кан менен жатын кынына келгенде да болушу ыктымал.

Оорунун башталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кольпитте суюктук бөлүнүп, ичтин төмөн жагы салмактанып ооруйт, жатын кыны кычышат жана ачышат. Жатын кыны трихомонададан жабыркаганда ак суюктук көп бөлүнүп, коюу, сары же боз болот. Эгерде кольпитти гонококк козгосо ак суюктук өтө көп, ириңдүү болуп, жыныс органынын терисин жана былжыр челин дүүлүктүрөт. Жатын кыны жашка жараша өзгөргөндө, энелик бездин функциясы бузулганда кан аралаш ак суюктук бөлүнөт. Мындай учурда доктурга кайрылып, ооруну өз убагында дарылап, түрдүү кабылдоодон алдын алуу керек.

Ооруну алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кольпитти алдын алууда өздүк гигиенаны сактоонун мааниси чоң. Чаңдуу жерде иштегенде чаң өтпөгөн кийим кийип иштөө сунуш кылынат. Үйдө гигиеналык буюмдарды өз алдынча пайдалануу жана таза сактоо кыздардын кольпит менен оорушун алдын алат. Жатын кынын доктурдун сунушу менен гана жууш керек (к. Жатын кынын жуу). Бойго болтурбоо үчүн химиялык каражатты доктур менен кеңешип колдонгон оң. Кольпит менен ооруган аялдар доктурдун көзөмөлүндө болушу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8