Кыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарында

Википедия дан
Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду:KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Париждеги Олимпиада оюндары
Спортчулар 14  спортчу 4 спорттун түрү боюнча
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы
'

0


0


0


0
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020  • 2024
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022
О. эле

Кыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарына катышууга спорттун 11 түрү боюнча 30 спортчуга жолдомо алууну пландайт[1]. Кыргызстан эгемен тарыхында сегизинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.

Катышуучу курамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Спорттун түрү 
Эркектер  Аялдар Баардыгы
Жеңил атлетика 0 1 1
Дзюдо 2 0 2
Күрөш 7 3 10
Сууда сүзүү 1 0 1
Баардыгы 10 4 14

Жеңил атлетика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Note — Жеңил атлетика боюнча мелдештерде берилген наамдар спортчунун жарышына гана тиешелүү.
  • Q = Кийинки турга жолдомо алгандар.
  • q = Квалификациялык максатка жетпестен талаа позициясы боюнча мелдеште эң тез утулгандар.
  • NR = Улуттук рекорд.
  • N/a же ж/э = Раунд мелдештерде колдонулбайт, жеткликтүү эмес
  • Bye же м/э = Спортчу раундга катышууга милдеттүү эмес.

"World Athletics" Париж оюндарында марафонго катышкандардын акыркы тизмесин 11-майда жарыялаган. Олимпиадалык стандарт эркектер үчүн 2 саат 8 мүнөт 10 секунд, аялдар үчүн 2 саат 26 мүнөт 50 секунд.

Кыргызстандын курама командасынын жөө күлүктөрү бул стандартты аткара албай, "Universality Places" системасы боюнча квота алышкан. Эгерде өлкөнүн бирдиктүү стандарт ээси жок болсо, анда ал катышуучуну үч аралыктын бирине — 100 метр, 800 метрге же марафонго киргизе алат.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынан спортчу Сардана Трофимова олимпиадалык квота алган[2]. Трофимова 2022-жылы Кыргызстандын атынан катышууга укук алган. Бул анын дебюттук Олимпиадасы.


Спортчулар Аралыгы Биринчи раунд Финал
Чуркоо Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Сардана Трофимова Марафон ж/э

Дзюдо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2024-жылы 28-майда Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Парижде таймашка чыга турган спортчулардын тизмесин жарыялаган. Анда Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмакта дүйнөлүк рейтингде 33-орунду ээлеген. Тизмеде 17 биринчи орунду ээлеген спортчулар түз лицензия ала алышкан. Ал эми 5 спортчу континенталдык квота алса, анын бири Айбек уулуна тийген. Кыргызстандык спортчу үчүн бул Олимпиада анын карьерасындагы дебюту болот.

90 килограммга чейинки салмак ченинде Эрлан Шеров БАЭде өткөн дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынып, жаңыланган рейтинг боюнча 4-орунду ээлеп, түз жолдомо алган.[3].

Спортчу Категориясы 1/32 финал 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарымфинал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Кубанычбек Айбек уулу — 66 кг ж/э . ~
Эрлан Шеров — 90 кг ж/э . ~

Күрөш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айпери Медет кызы[4] жана Айсулуу Тыныбекова [5]. 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда беш эң мыкты көрсөткүчкө ээ болуп, олимпиада оюндарга жолдомо алышкан[6][7]. Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу 2024-жылы, 19-апрелде Бишкекте өткөн Азиянын күрөш боюнча жолдомолук турнирде Олимпиадага катышуу укугуна ээ болушкан[8].

Аныктама

  • VT (рейтинг упайлары: 5–0 же 0–5) – Таза жеңиш (туше).
  • VB (рейтинг упайлары: 5–0 же 0–5) – Жараат боюнча жеңиш (VF жеңилүү үчүн, VA чыгуу же дисквалификация үчүн)
  • PP (рейтинг упайлары: 3–1 же 1–3) – Упайлар боюнча чечим – техникалык упайлары менен утулган.
  • PO (рейтинг упайлары: 3–0 же 0–3) – Чечим упайлар боюнча – техникалык упайлары жок жеңилген.
  • ST (рейтинг упайлары: 4–0 же 0–4) – Чоң артыкчылык – техникалык упайлары жок жеңилген жана 8 (грек-рим) же 10 (эркин) упайдан кем эмес жеңиш маржасы.
  • SP (рейтинг упайлары: 4–1 же 1–4) – Техникалык артыкчылык – техникалык упай жана 8 (грек-рим) же 10 (эркин) упайдан кем эмес жеңиш маржасы менен утулган адам.
Эркин күрөш
Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Бекзат Алмаз уулу — 57 кг ж/э
Эрназар Акматалиев — 65 кг ж/э
Айаал Лазарев — 125 кг ж/э
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг ж/э
Мээрим Жуманазарова — 68 кг ж/э
Айпери Медет кызы — 76 кг ж/э
Грек-рим күрөшү
Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг ж/э
Амантур Исмаилов — 67 кг ж/э
Акжол Махмудов — 77 кг ж/э
Үзүр Жусупбеков — 97 кг ж/э

Сууда сүзүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2023-жылы Петрашов Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында катышкан. 22-июлда 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө, жарым финалга чейин жетип, Кыргызстандын жаңы рекорду 59,91 секунд көрсөткөн. 23-июлда жарым финалда ал өзүнүн жыйынтыгын жакшыртып, бирок финалга чыга алган эмес – 59,78 секунд. Бул аралыкта лицензия алуунун стандарты 59,79 секундду түзөт.

20-сентябрда Эл аралык сууда сүзүү федерациясы Петрашов Олимпиадага жолдомо алганын расмий тастыктаган[9][10].

Спортчу Аралыгы Чейрек финал Жарым финал Финал
Сүзгөнү Убактысы Оруну Сүзгөнү Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Денис Петрашов 100 м брасс
200 м брасс

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кыргызстан 2024-жылкы Олимпиадага канча жолдомо алууну пландап жатат?. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 25 Апрель 2023.
  2. Road to Paris 2024: Women's marathon. World Athletics.
  3. Эрлан Шеров поднялся на 4 место в олимпийском рейтинге. Sport AKIpress. Текшерилген күнү 28 -май (бугу) 2024.
  4. Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды (ky), azattyk.kg (19 September 2023).
  5. Олимпиада-2024. Кыргызстанка Айсулуу Тыныбекова завоевала путевку на Игры (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  6. Aisuluu Tynybekova earns Paris Olympics berth (англ.). AKIpress (21 September 2023).
  7. Айпери Медет кызы завоевала путевку на Олимпийские игры в Париже (орусча). Sport AKIpress. Текшерилген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  8. Борцы Эрназар Акматалиев и Бекзат Алмаз уулу завоевали лицензии на Олимпиаду в Париже! (орусча). Sport.kg. Текшерилген күнү 19 Апрель 2024.
  9. Сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды (кырг.). Super.kg. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  10. Swimmer Denis Petrashov earns Paris Olympics berth (en), AKIpress (21 September 2023).

Калып:Өлкөлөр 2024 жайкы Олимпиада оюндарында