Нурунбетов Балтагул Аттокурович

Википедия дан

Нурунбетов Балтагул Аттокурович (1. 2. 1947-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Кызыл-Сеңир айылы) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2000), профессор (2004). КРдин эмгек сиңирген мугалими (1994). ОМПИни (1972), КПСС БКга караштуу жогорку партиялык мектепти (1978) бүткөн. 1962– 65-жылы Өзгөн районунун Түштүк Кыргызстан тажрыйба станциясында (ЮКОС) жумушчу, 1965–67-жылы комсомол комитетинин секретары, ошол эле мезгилде 1966–67-жылы М. Ломоносов атындагыорто мектепте мугалим, 1972–83-жылы партиянын Ош шааркомунда, Ош обкомунда инструктор, сектор башчы, 1983–85-жылы Республикалык Ош технология техникумунда директор, 1985–89-жылы кесиптик-техникалык окуу жайларынын Ош облусттук башкармасынын начальниги, 1989–91-жылы партиянын Ош облусттук комитетинде, Облусттук аткаруу комитетинде бөлүм башчы, 1991–92-жылы Ош облусттук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1992– 94-жылы Ош облусттук мамлекеттик администрациясы-губернатордун орун басары, 1994–99-жылы Ош облусттук билим берүү жана мадабият башкармалыгынын башчысы, 1999–2006-жылы Кара-Суу облусунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2006–10-жылы«Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору, 2010-жылдан ОшТУда кафедра башчысы. 150дөн ашык илимий эмгектин автору. Эмгек: Элдик педагогика жана адептүүлүк. Ош, 1998; Промышленные рабочие Кыргызстана. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]