Республикалык наркология борбору

Википедия дан

Республикалык наркология борбору - 1976-жылы Фрунзе шаардык наркология диспансери болуп ачылган. 1986-жылы анын базасында Республикалык наркология диспансери уюшулган. 1996-жылы наркотик заттарды колдонуу кырдаалынын күчөшүнө байланыштуу Республикалык наркология борбору болуп кайра түзүлгөн. Негизги максаты – өлкөдө алкоголь ичимдиктеринен жана наркотик заттардан болгон зыяндуулукту түшүндүрүп, алдын алып, алардан азап чегип, көз каранды болгон адамдарга жардам берүү. Ошондой эле алкоголь жана наркотик заттарды колдонууга каршы жүргүзүлгөн аракеттерди координациялоо. Наркологиялык кызматтын негизги функциясына диагноз коюу, консультация берүү, дарылоо, реаблитация, алдын алуу жана уюштуруу-методикалык жардам берүү кирет. Республикалык наркология борбору дарылоонун жаңы формаларын издөөдө, жардам көрсөтүүнүн түрлөрүн кеңейтүүдө, наркотик заттарды жана алкоголду колдонгондордун санын азайтууга жана наркологиялык абалга терең анализ жасоого чоң аракет жүргүзүп жатат. Ош шаарында областы наркология диспансери иштейт. Областы ооруканаларда наркология бөлүмдөрү бар. Ошондой эле райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда наркология кабинеттери түзүлгөн. Андан тышкары Ж. Назаралиевдин менчик наркология борбору (Бишкекте) иштейт. Борбордо административдик, жалпы ооруканалык бөлүм, стационардык, реабилитация жана амбулаториялык аныктоо бөлүмдөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]