Акылбек

Википедия дан

Акылбек манасчы(болжол менен 1840-жылдары туулган - өлгөн жылы белгисиз) - манасчы.
Колдо болгон маалыматтарга караганда Акылбек эң таланттуу жомокчу болгондугун ал жөнүндө бизге жеткен кабарлар айгинелейт.
Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулу өзү билген жомокчулардын ичинен Акылбекти жогору баалайт. Манасчылар жөнүндө Сагымбай мындай ырдаар эле:

Назар менен Нармантай,
Келдибек, Балык, Тыныбек.
Баарысынан байкасам
Артык билет Акылбек.

Залкар манасчылардын бири Саякбай Карала уулу «Чоң манасчылардын кимисине жолугуп, таалим алып, бирге болгонсуз?» деген суроого ал «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим, тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат кайран киши».
«Мен өзүмдү бактылуумун деп сеземин, - деп эскерген Ыбырайым Абдыракман уулу – ысыккөлдүк атактуу манасчылардын жетөөнү көрүп калдым, жетөөнүн оозунан тең «Манас» уктум. Мына ушул манасчылардын мыктыларынын бири Акылбекти биринчи ирет он үч жашымда көрдүм. Мен жыйырма сегизге чыкканча Акылбектин «Манасын» көп уктум». Анын Акылбек баш болгон атактуу жомокчулардан таалим-тарбия алгандыгын «Сейтек» эпосунун аягында жазган төмөнкү ыр саптары да ырастайт:

Мен да билем башынан,
«Семетей», «Манас» жомогун,
Ойноо бала жашыман.
Ысыккөлдүн жеринде,
Урусу бугу элинде,
Уругу кытай Акылбек.
Аксакалдар айтчу эле<br «Семетей», «Манас» айтууда,
Акылбек сөзү макул деп.
Акылбектен көп уктум
Өздөштүрүп төп уктум.

Ыбырайым Абдыракман уулунун эскерүүсүнө караганда Акылбек «Манас» эпосун калмак тилинде да айта билген. «Акылбек Текесте жылкычы болуп жүргөн учурунда «Манасты» калмактардын ичине кирип барып, калмакча да айтып жүргөн» дешет.
Мына ушул эскерүүлөрдү эске алганда ысымдары эл арасына уламага айланган атактуу жомокчулардын «баарысынан артык билген Акылбек» манасчынын замандаштары Сагымбай Орозбак уулу менен Ыбырайым Абдыракман уулу тарабынан өтө жогору бааланышы Акылбек сыяктуу «Манасты» толук айткан, абдан таланттуу жомокчулардын чанда чыгарына далил боло алат.


АКЫЛБЕК

Акылбек манасчы болжол менен 1840-жылдары Ысык-Көлдүн Түп өрөөнүндө туулган. Акылбектин өзүнүн айтуусунда «Манас» жазылып калбаганы менен, анын замандаштары залкарлар Арстанбек, Сагымбай, Саякбай, Тоголок Молдо, Ыбырайым Абдыракман уулу сыяктуулардын эскерүүсүнөн улам, жана да эл оозунда уламага айланган баяндардан, анын чындап эле алп манасчы болгондугуна ынанабыз. «Жыйырманчы кылымдын Гомери» аталган Саякбай Каралаев Акылбек манасчы тууралуу минтип эскерет: «Чоң манасчыдан Акылбекке кезиктим. Тогуз баласы, жакшы байбичеси өлүп, өзү сексендин беш-алтысына барып калган кези экен. Ошондо да кебелбей айтып турат, кайран киши». Ал эми: “Ысык-Көлдүн жээгинде, Уруусу Бугу элинде, Уругу кытай Акылбек. Аксакалдар айтчу эле, «Семетей», «Манас» айтууда, Акылбек сөзү макул деп. Акылбектен көп уктум, Өздөштүрүп төп уктум» – деген Ыбырайым Абдыракман уулу Акылбек манасчынын Текестеги калмактарга калмак тилинде да «Манас» айтчу эле деп эскерет. Ошондой эле, алп манасчыдан таалим алып калгандыгы үчүн сыймыктанат. «Уругу кытай Акылбек, Уруудан чыккан акын деп. Акындыгы Чоңбашка, Алыс эмес, жакын деп. Бала кезде уккамын, Айтканынча бар эле. Ырас жери Акылбек, Ырдаганы шар эле!» – деп, Тоголок Молдо айтса: «Назар менен Нармантай, Келдибек менен Тыныбек. Баарысынан байкасам, Артык билет Акылбек» – деп, кадимки Сагымбай манасчы анын талантына таң берет. Баарысынан да, “заманачыл” акындардын залкары, олуя акын Арстанбектин: «Чоң манасчы Акылбек, Чогоол сөздү сүйбөгөн, Чоюлган сындуу жан эле. “Чоң казатты” айтканда, Чок түшкөндөй чартылдап, Ээ-жаа бербей жети күн, Элирчү жайы бар эле. Андан кийин жети күн, Бутун тартпай уктачу, Аралап айыл чыкпачу. Чынында да Акылбек, Эл оозунда жүргөндөй, Жаркырап күйгөн шам эле. Калп айтып ыйман жебейин, Манасчынын нары эле, Мактагандай бар эле. Балды тарткан аарыдай, Баамы артык жан эле. Канаты сынып кайрылып, Чоролордон айрылып. Кабыргадан кан чыгып, Кабылан Манас айкөлдүн, Кан какшап түшүп ордого, Кайгырган жерин айтканда. Кабыргасы сөгүлүп, Кара нөшөр жамгырдай, Көзүнөн жашы төгүлүп. Манас айтып жатканын, Унутканын көргөмүн, Умсунуп көңүл бөлгөмүн» – деген таасын баа берген сөздөрүнөн Акылбек тууралуу, анын кандайча айткандыгы тууралуу учкай маалымат ала алабыз. Жогорудагы сөздү башка эмес, кадимки Арстанбек акын айтып жаткандыктан, анда эч кандай апыртуу, же калп айтуу жок деп ишенсек болот. Анан калса, акын укканын эмес, өз көзү менен көргөнүн айтып жатканын эске алсак, демек, Акылбек манасчы тыным билбей, күндөп-түндөп «Манас» айткан алп манасчы. Ага Арстанбек баштаган улуу инсандар баа берип, талантына таазим кылган.