Боз күрөң топурак

Википедия дан

Боз күрөң топурак — кургакчыл субтропик алкагынын бадалдуу тоолорундагы топурак тиби. Ал 1,5—3,5% чиринди, 0,1—0,3% азот, 8—14% карбонаттан турат. Жогорку катмары жумшагыраак, ал эми ортоңку катмары өтө чополуу болгондуктан нык келет. Ал кадимки шалбаа, жетилбеген жана гипстопуракка бөлүнөт. Закавказьеде, Орто Азияда тоо этектеринде болот. Кыргызстанда ал каралжын боз же күрөң карбонаттуу келет. Механикалык курамында оор жана чопо минералдар көп болгондуктан сугарганда топурак тез катат. Бирок, беде эгилгенде структурасы кайрадан калыбына келет. Бозкүрөң топурактуу жерге пахта, дан өсүмдүктөрү эгилип, жүзүм, өрүк, шабдалы, анар, мисте өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]