Борбордук түздүк

Википедия дан
Борбордук түздүк.

Борбордук түздүк Түндүк Америкада (АКШ менен Канадада), Миссисипинин алабында; чыгышынан Аппалачи, батышынан Улуу түздүктөр, түндүгүнөн Лаврентий дөңсөөсү, түшгүгүнөн Мексика бою ойдуңу менен чектешет. Васымдуу бийиктиги 150-500 м. Түндүк Америка платформасынын түштүк бөлүгү, анын кристаллдык фундаменти палеозойдун сланецтери жана акиташтектери менен капталган. Ташкөмүр кени бар. 40° түндүк к-тен түндүктү карай антропогендеги муз каптоонун издери байкалат. Лаврентий дөңсөөсү менен болгон чегинде мөңгү-тектондук кыймылдын таасиринен пайда болгон көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба жана башкалар) жайгашкан. Климаты мелүүн, континенттик, түштүк четинде субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 400-1200 мм. Аймагынын 3/4бөлүгү айдоо, шалбаа, жайыт катары пайдаланылат. Вагбанчылык өнүккөн. Жазы жалбырактуу жана аралаш токойдун калдыктары бар. АКШ менен Канаданын маанилүү айыл чарба (дан, мал чарбалары) району.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]