Жасалма интеллект

Википедия дан

Жасалма интеллекттехникалык изилдөө, ЭЭМдин жардамы менен адамдагы мүмкүнчүлүктү күчөтүү.

Учурда адамдын Жасалма интеллекттин өнүктүрүү көйгөйүнө ЭЭМ эксперт катары аныкталган областтагы башкаруунун тапшырмалары, автомашинанын багыты, порттун иштөөсү, теореманын далилдениши, образдын калыптануусун таанып-билүү, шахмат оюндары ж. б. саналат.

Жасалма интеллект информатиканын бир бөлүгү катары математиканын жетишкендиктерин, логиканы, психологияны, физиологияны, кибернетиканы, лингвистиканы, биониканы колдонот. Учурда адистердин көңүлүндө Жасалма интеллектке робототехниканын пайда болушу, системалоо программасынын курулушу, адамга тапшырманы аткарууда жана башкарууда жардам берүү кирет.

Жасалма интеллекттин белгилүү системалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жасалма интеллект (ЖИ, AI, жасалма акыл) - компүтердик системдердин (машинелердин) же програмдык камсыздоонун интеллекти.  Бул компүтердик илимдин акылдуу машиналарды өнүктүрүү жана жана изилдөө тармагы. ЖИ кишинин, деги эле тирүү жандыктардын интеллектинен өзүнчө айырмалап каралат.

Учурда ЖИ өнөр жайда, мамлекеттик башкарууда жана илимде кеңири колдонула баштады. Алардын арасына Google Издөө сыяктуу интернеттен издөө системдери; Google Котормочу сыктуу которуу системдери; YouTube, Amazon, Netflix колдонгон сунуштоо системдери; сүйлөгөн сөзгө жооп берип иштеген Google Жардамчы, Siri жана Alexa жардамчы системдери; Open AI, Gemini  сыяктуу генеративдик (жаратуучу) ЖИ; ChatGPT, Midjourney  сыяктуу чыгармачылык куралдары; өзүн өзү башкарган автолор; шахмат сыяктуу стратегия оюндарын ойноо системдери кирет.[1]

Жасалма интеллекттин өнүгүшүнө салым кошкон окумуштуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алан Тюринг машине интеллектин олуттуу изилдеп баштаган алгачкы окумуштуу болгон.Окумуштуу атайын адистешкен негизги компүтер модели болуп эсептелген "Тюринг машинеси" аркылуу алгоритм жана эсеп чыгаруу концептинин түзүлүшү жөнүндө түшүнүк берип, информатика илиминин теориялык өнүгүсүнө таасирин тийгизген. Тюринг теориялык информатика илиминин жана жасалма интелекттин атасы болуп эсептелет.

Информатика тармагындагы дүйнөдөгү эң абройлуу сыйлык Алан Тюринг аты менен аталган.

Жасалма интеллект академиялык дисциплина катары 1956-жылы негизделген[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,
  1. 1.0 1.1 Жасалма интеллект (ЖИ, AI, жасалма акыл). https://el-sozduk.kg/news/new-skills-proffessions-slovar/ai/