Керимбүбү Шопокова

Википедия дан
Керимбүбү Шопокова
кырг. Керимбүбү Шопокова
Файл:Шопокова Керимбюбю.jpg
Ишмердүүлүк тармагы:

кызылчачы, саясатчы

Туулган датасы:

19 -декабрь 1917(1917-12-19)

Туулган жери:

Сокулук айылы, Чүй облусу, Түркстан

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Өлгөн датасы:

23 -декабрь 2013(2013-12-23) (96 жаш)

Өлгөн жери:

Шалта айылы, Сокулук району, Чүй облусу, Кыргызстан

Күйөөсү:

Дүйшөнкул Шопоков

Балдары:

кызы Сагынбүбү

Файл:Shopokov Family.jpg
Дүйшөнкул Шопоков жана Керимбүбү Шопокова кызы менен. 1940-жыл

Керимбүбү Шопокова (1917 - 2013 жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында кембагал адамдын үй-бүлөсүндө туулган) Ал бир жашка чыкканда атасы, 13 жашка чыкканда энеси көз жумуп, тоголок жетим калат да аталаш тууганы Сарынын колунда өсөт.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Керимбүбү Шопокова Кыргыздар мурда эч өстүрүп көрбөгөн кызылча өстүрүп талаада иштеген . 1941-жылы өзүнчө колхоздук звено түзүп ага өзү башчылык кылып эмгектенуугө өткөн .Ал башкарган звено кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап алган. Кандуу согуштун каардуу жылдарында моралдык туруктуулугун жана жан аябастыктын үлгүсүн көрсөткөн эмгек адамы.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1946-жылы ЛЕНИН ордени андан көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган 1957-жылы СССРдин жетекчиси Никита Сергеевич Хрущев Кремлде СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫНЫН АЛТЫН ЖЫЛДЫЗЫН тапшырган . 1997-жылы 2 даражадагы «МАНАС» ордени менен сыйланган.

Коомдук иштерге катышуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Керимбүбү Шопокова баскан маңыздуу жолдордун бири – СССР Жогорку Советинин депутаттыгына бир нече жолу көрсөтүлүшү КПССтин 21 жана 22 съездеринин, колхозчулардын Бүткүл Союздук 2 съездинин болушу анык. Кыргыз журтчулугуна зор кызмат кылгандыгын белгилейт.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бойго жетип турмушка аралаша баштаганда оокатка чыйрак бир мүнөз токтоо, сабырлуу Дүйшөнкул деген жигитке турмушка чыгат. Бир кыз бир уулду болушат. Кызынын аты Сагынбүбү, уулунун аты Сатарбек. Согуштан кийин беш уул багып алган.

2013-жылдын 23-декабрында 97 жаш курагында көз жумган жана сөөгү 25-декабрда Сокулук районунун Шалта айлында жерге берилген[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]