Мазмунга өтүү

Колдонуучу:Роза жоробекова

Википедия дан

Темасы: «укук адамдын негизги укуктарынын бири болуп саналат. Бул укук Кыргыз Республикасынын Конституциясында, 1991-жылддын Дин тутуу эркиндигине укук»

Дин тутуу эркиндигине 16-декабрындагы «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана адам укугу чөйрөсүндөгү башка бир катар эл аралык документтерде белгиленген (1948-жылдагы Адам укугунун жалпы декларациясы, 1966-жылдагы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 1981-жылдагы Диндин же дин тутуунун негизиндеги чыдамсыздыктын жана кодулоонун бардык формаларын жоюу боюнча декларация).
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ МЕНЕН КЕПИЛДЕНГЕН АР  БИР ЖАРАНДЫН ДИН ТУТУУГА КАРАТА ЭРКИНДИГИ ДИНГЕ КАРАТА МАМИЛЕСИН ЭРКИН ЖАНА ӨЗ АЛДЫНЧА АНЫКТАП АЛУУ, ЖАЛГЫЗ ӨЗҮ ЖЕ БАШКАЛАР МЕНЕН БИРГЕ КААЛАГАН ДИНИН ТУТУУ ЖЕ ЭЧ КАНДАЙ ДИНДИ ТУТПОО, ДИНИЙ КӨЗ КАРАШТАРЫН ӨЗГӨРТҮҮ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ДИНГЕ КАРАТА МАМИЛЕ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЫНАНЫМДАРЫН БИЛДИРҮҮ ЖАНА ТАРКАТУУ ЭРКИНДИГИН КАМТЫЙТ.
Дин тутуу эркиндиги жөнүндө сөз кылганда Кыргыз Республикасында дин мамлекеттик бийликтен ажыратылганын белгилей кетүү керек. Анткени КР Конституциясынын 7-беренесинин 2-пунктунда «Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган» деп айтылган, ал эми ушул эле берененин 4-пунктунда төмөнкүлөргө жол берилбейт деп көрсөтүлгөн:

 диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө. Диний уюмдар саясий максаттарды жана милдеттерди көздөөгө тийиш эмес;  диний уюмдардын жана дин кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө;  саясий максаттарды көздөгөн чет өлкөлүк саясий партиялардын, коомдук жана диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иштешине жол берилбейт;  конституциялык түзүлүшкө, мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка зыян келтирүүчү саясий партияларды, коомдук бирикмелерди, диний жана башка уюмдарды түзүүгө жана алардын иштешине.

Шайлоо жөнүндө КР Кодексинин 30-беренесинин 13-пунктунна «шайлоолорду өткөрүүдөгү үгүт иштерине шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, судьялар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, кайрымдуулук жана диний уюмдардын мүчөлөрү жана башкалар катыша алышпайт» деп көрсөтүлгөн.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежесине ылайык, «диний уюмдар, алардын бирикмелери диний багыттагы имараттарда (мечит, чиркөө, храм, сыйынуу үйлөрүндө жана б.у.с.) үгүт иш-чараларын жүргүзө албайт, дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган», деп көрсөтүлгөн. Демек, биз көрүп тургандай, Биздин өлкөдө дин мамлекеттин ишине кийлигише албайт, анткени демократиялык өлкөлөрдө тигил же бул динге артыкчылык берилбеши керек, ар бир адамдын дин тутуу эркиндиги бузулбоого тийиш жана түрдүү диндердин бирдей аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.