Мазмунга өтүү

Эт тартуу

Википедия дан

Эт тартуу - кыргыздардын келген мейманга көрсөткөн салттуу жөрөлгөсү.

Мейман даам сызган соң, бата жасалып, кой союлат. Кой союп, жиликтеп же мүчөлөп, бышырып тартуу тартиби: койду мууздоо. Койду кыбыла тарапка каратып бата кылынып, тилектер айтылат. Келме келтирип, буттары таңылган койду моюн сөөгүнө чейин мууздап, канын агызат. Андан кийин моюн сөөгү ажыратылып, жүлүндөлөт. Терисин сыйруу. Алгач койдун шыйрактары муундалат. Алдыңкы буттарынын терисинин ички капталынан тарта төштүн учун карай, арткы буттарынан табарсыкка карай тилинет. Андан кийин курсак терисин тең экиге бөлүп, этти териден сыйруу башталат. Терини бычак менен ажыратып, төштүн оң тарабынан тартып муштум менен жиреп сыйырат. Ичеги-карынды алуу. Ичеги карынын бөлүп алуу үчүн алгач кабыргалардын учу төштөн ажыратылат. Андан соң башкы эки кабырга өзүнчө, кийинки беш кабырга өзүнчө тилинип, төш курсак эттери менен чогуу алынат. Этияттык менен карын эттери кесилет. Төштү жана кабыргаларды өзүнчө алып алган соң, койдун кызыл өңгөчүн кекиртектен сууруйт. Кызыл өңгөчтү карынга кошулган жерине бир карыш жеткизбей кесип, карындын учун түйүп коёт. Анан жоон ичеги кесилет да, чарага чыгарып, ичеги жыдып кетпес үчүн үстүнө муздак суу куюлат. Андан кийин боордон өттү кесип таштап, өпкө, жүрөктү эттен бөлүп алат. Жилик төө. Башты, төштү, кабыргаларды, ичегилерди койдун тулкусунан алып салгандан кийин, койдун арткы буттарынан алгач жото жилик бөлүнүп алынат. Бул жиликке кашка жиликти бойлой кеткен эттин жарымы калтырылат. Андан соң, кашка жилик жамбаштан бөлүнүп алынат. Койдун бул саны үчкө: жото жилик, кашка жилик жана жамбашка ажыратылат. Экинчи саны да ушундай жол менен үч жиликке бөлүнөт. Алдыңкы бутунан алгач кар жиликке этти көбүрөөк калтырып, күң жиликтен ажыратып алып, андан кийин күң жиликти далыдан ажыратат. Койдун алдыңкы колу да үчкө: кар жилик, күң жилик, далыга бөлүнөт. Жалпысынан эки алдыңкы кол менен эки арткы сандан 12 жилик чыгат. Андан кийин узунунан кеткен омуртканы моюнга, аркага, куймулчакка бөлөт. Кой сойгондон кийин анын башын жана шыйрактарын куйкалайт. Эт бышыруу. Казан асуу кыргызда эт салуу дегенди түшүндүрөт. Казанга суу куюлуп, алгач кар жилик, андан соң калган жиликтер түшөт. Карчыга, төш үстүнө көмкөрүлүп, аягында баш салынат. Айрым аймактарда кар жиликтен мурда башты салышат. Эт көөп, казан кайнаганда, чий көбүгү алынат. Эт бир кайнагандан кийин аны оодарып, туз салынат. Эттин сорпосун сапырып турса, тунук жана даамдуу болот. Этти эзилте кайнатпоо зарыл. Эт тартылар алдында колго суу куюу. Адатта колго эркек баланын суу куюусу шарт. Суулукту сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап, жылымык суусу бар кумганды оң колго кармап, солдон онду карай суу куюп чыгат. Табак тартуу. Табак тартуу маданияты жандык сойгондо жамбаш, куймулчак, жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы катары менен улуулата жамбаш аксакалга, куймулчак байбичеге таандык. Андан кийинки сакалдуу адамга жото жилик (чүкөлүү жилик), кийинкисине кашка жилик туура келет. Кар жилик жолдош жилик деп саналат. Кабырга да улук деп эсептелет. Чүй, Талас, Ош тарапта баш аксакалдарга тартылса, Ысык-Көл, Нарын тарапта жаштарга тартылат. Эт тууроо. Кыргыз элинен башка улуттан эт тууроону кездештирүүгө болбойт. Этти майда тууроо карыяларды сыйлоо. Куш тилиндей майда туурап, чык кошуп аралаштырып жегиликтүү кылуу - нарын деп аталат. Нарын кийин беш бармак аталган. Эт желип бүткөн соң, колго суу куюу. Эт желип, бата тиленип бүткөн соң ыкчамдатылган суу оңдон солду көздөй аяк өйдө куюлат. Балага суу куйдуруу салт. Мындан бала улуулардын батасын, тарбиясын алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4