2024 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Википедия дан

2024 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
англ. 
2024 World Nomad Games'

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
Урааны Улуу талаадагы жолугушуу
каз. Ұлы дала дүбірі
Оюн тууралуу маалыматтар
Өткөрүү жайы Казакстан Астана, Казакстан
      Өткөрүү шаарлары Астана
Катышуучу өлкөлөр 100+
Спортчулардын саны +3000
Ачылыш аземи 8-сентябрь, 2024 (ачылганга чейин 115 күн бар)
Жабылыш аземи 13-сентябрь, 2024
Хронологиясы
 2022 Түркия
Өзбекстан 2026 
Расмий сайты

2022 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (каз. 2024 Дүниежүзілік көшпенділер ойындары, англ. 2024 World Nomad Games, орус. Всемирные игры кочевников 2024) — Этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 5 жолкусу. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адам цивилизациянын мурасы катарында жана этно-маданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталган.

Көчмөндөр оюндарына көчмөндөр цивилизациясынын мураскерлери – эли жашаган өлкөлөр катыша алышат. Бирок 2016-жылдан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү кызыгуусун билдирип, кийинки мелдештерге дүйнөнүн ар тарабынан, анын ичинде көчмөн болбогон мамлекеттердин командаларынын катышуусуна да уруксат берилген.Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири улуттук спорттук мелдеш.

Мелдеш Казакстандын Астана шаарында 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт[1][2]

Логотиби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий логотип өздүктүн маанилүү элементин камтыйт. Күн атчан адам, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бардык логотиптеринде бар. Логотипте кочкул кызыл элементтер колдонулат. Бул түс жарым асыл таштын жөнөкөйлүгүн жана ырайымын чагылдырат. Карнелиан анын кызгылт түсү менен, кан жана отко окшош, ошондой эле маанилүү энергия, жүрөк жана күн менен байланышкан. Турмуш-тиричилик буюмдары — Камчы (камшы), Белбоо (белбеу) жана салттуу зер буюмдар кара тондордо карнелиан менен кооздолгон.

Логотиптин тексттик бөлүгү VIII-X кылымдагы руна түрк жазуусу стилдештирилген шрифт менен жасалган[3].

Спорт түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кашанын () ичинде расмий түрдө аталышы көрсөтүлгөн

  • Ашык атуу (каз. Асық ату)
  • Ордо
  • Аркан тартыш (каз. Арқан тартыс)
  • Ат чабыш (каз. Бәйге)
  • Көк бөрү/Көкпар
  • Эр эңиш (каз. Аударыспақ)
  • Теңге илүү (каз. Теңге ілу)
  • Казак күрөшү (каз. Қазақ күресі)
  • Ашыртмалы аба гюреши
  • Кураш
  • Алыш
  • Мас-Рестлинг
  • Көчмөндөрдүн уулу күрөшү (Powerful Nomad)
  • Тогуз коргоол (Тогызкумалак)
  • Мангала
  • Овари
  • Атчан жаа атуу (каз. Жамбы ату)
  • Салттуу жаа атуу (каз. Дәстүрлі садақ ату)
  • Салбуурун (каз. Құсбегілік)

Ыраатамалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 ●  Ачылыш аземи   ● Квалификациялык мелдештер    Финалдык мелдештер  КО  Көргөзмө оюндар  ●  Жабылыш аземи
Сентябрь 8 9 10 11 12 13 14 Өткөрүлүүчү жайы
Аземдер
Ат оюндары Көк бөрү (Көкпар) «Казанат» ат майданы
Эр эңиш Этноайыл
Теңге илүү
Ат чабыш Ат чабыш
(классикалык)
«Казанат» ат майданы
Аламан байге
Жорго салыш
Кунан чабыш
Топ байге
Аркан тартыш «Алау» муз сарайы
Атчан жаа атуу Этноайыл
Жаа атуу «Аргымак»
Салбуурун Бүркүт салуу Этноайыл
Далба
Ителги салуу
Салттуу
интеллектуалдык оюндар
Тогуз коргоол «Думан» мейманканасы
Мангала
Овари
Күрөш Алыш
(кыргыз күрөшү)
Ж.Ушкемпиров атындагы күрөш сарайы
Ашыртмалы аба гюреши «Алау» сарайы
Кураш
Казак күрөшү Ж.Ушкемпиров атындагы күрөш сарайы
Көчмөндөрдүн улуу күрөшү Этноайыл
Медалдар топтому
Сентябрь  8  9  10  11  12  13  14



Катышуучу өлкөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Казак бийлиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасын өзгөрттү (кырг.). Super.kg (13 -май (бугу) 2024). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2024.
  2. Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада өтөт (видео) (кырг.). Serep.kg (18 -январь (үчтүн айы) 2024). Текшерилген күнү 13 -май (бугу) 2024.
  3. Презентованы логотип и слоган V Всемирных игр кочевников (орусча). 24.kz (26 -октябрь (тогуздун айы) 2023). Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2024.