Udacity

Википедия дан

Udacity - Себастьян Трун, Дэвид Ставенс (David Stavens) жана Майкл Соколскилер (Mike Sokolsky) негиздеген билим берүүнү демократиялаштырууну максат кылган менчик уюм. Компания Стенфорд университетиндеги информатика боюнча программасынын кеңейишинен улам пайда болгон. Аралыктан окутуу курстары интернетте акысыз бар, аларды каалаган киши укса болот. Башында алты курс сунуш кылынган. 2012-жылдын башындагы маалымат боюнча, Udacity'де 14 курс сунушталат. Студенттердин саны он миңдеп саналат.

Udacity'нин негизделгени тууралуу 2012-жылы Digital Life Design конференциясында жарыя кылынган.

The Guardian 2012-жылы Себастьян Трунду ачык интернеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адам катары белгилеген.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Курстар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы эки курс - "CS 101: Издөө системин түзүү" (окутуучу Виргин университетинен Дэйв Эванс) жана "CS 373: учкучсуз автоунааларды программалоо" (окутуучу С. Тран), 2012-жылы 20-февралда башталган. Эки курста тең Python программалоо тили колдонулат.

Курстардын форматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Текст менен айкалышкан субтитрдүү англис тилиндеги лекциялар жана артынан коштолгон "иш жүзүндө үйрөнүү" моделине негизделген үй тапшырмалары. Студенттер сунушталган концепцияларды жана идеяларды оңой түшүнүшсүн үчүн ар бир лекцияга текст кошулган.

Жасалма интеллект, робототехника жана физика курстарына блог жазуу жана стартап түзүү курстары кошулган. Бирок бары ойдогудай болгон жок. Көпчүлүк идеялар ийгиликсиз болду. Алсак, дискреттик математиканын деңгээли башкалардыкынан бир топ төмөн болуп чыккан. Башка жагынан алып караганда, форумдарда сабактардан ичи чыкпагандар дагы эле көп: алардын ою боюнча, курстар колдон келбегенчелелик кыйын жана атайын татаалдаштырылган. Долбоордун командасы муну эске алат - албетте жеңилдетилбейт, бирок колдон келишинче көп студент сабактарды татаалдыгына карабай өздөштүрсүн үчүн материалдарды түшүндүрүү ыкмалары жана тексттер дайыма кайра каралып турат.

Каттоо жана сертификат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Студенттер бир же бир нече класска алгачкы үй тапшырмасын тапшырганга чейин каттала алышат. Студенттер курсту аяктагандан кийин окутуучулардын кол тамгалары коюлган бүтүргөнү тууралуу сертификат алышат.

2012-жылдын август айынан тарта айрым курстарда бетме-бет Pearson VUE сынагын тапшыруу мүмкүнчүлү бар. Мунун акысы - 90 АКШ доллары чамасында.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]