«Ала-Тоо жазы»

Википедия дан

«Ала-Тоо жазы» - музыка фестивалы. Кыргызстанда алгач 1966-ж. июнь айында өткөрүлгөн. Кийин ал салтка айланып, 1967, 1969, 1974-ж. «Элдердин октябрда шаар эмгекчилеринин юбилейлик майрамдык демонстрациясы өткөн. Аянттын архитектуралык композициясынын өзөгүн «Эркиндик» монументи (2003, скульптору Т. Садыков) түзөт. Эстеликтин түбүнө өкмөттүк трибуна орнотулган. Чүй проспекти менен Киев көчөсүнүн ортосунда бири-бирине симметриялуу жайгашкан 4 фонтандын аралыгына концерт, салтанаттуу чогулуш ж. б. иш-чаралар өткөрүлүүчү чатыр-сахна курулуп, ал чыгышынан жана батышынан аркадалуу имараттар, түштүгүнөн Киев көчөсүнө туташуучу тепкичтер менен курчалган. Бул архитектуралык ансамблге Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин имараты (1985), «Достук үйү», «Достук» монументи (1974), мамлекеттик Туунун флагштогу кирет. Аянттын архитектуралык композициясынын достугу» деген ураан менен өткөн. Кыргызстанда фестиваль күндөрүндө Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр, Бүткүл союздук радио менен Борбордук телекөрсөтүүнүн симфониялык чоң оркестри, Ленинград жана Горький филармониясынын симфониялык оркестри, М. Пягницкий атындагы мамлекеттик хор, Дагстан АССРинин мамлекеттик бий ансамбли, Сибирь бийлеринин Красноярскидеги мамлекеттик ансамбли сыяктуу чыгармачыл ири коллективдердин өнөрүн көрүшкөн. Бул фестивалдарга көрүнүктүү композитор Т. Н. Хренников, В. Т. Соловьёв-Седой; дирижёрлор Е. Светланов, К. Иванов, Б. Хайкин, Ю. Темирканов, О. Дмитриади; аткаруучулар И. Архипова, А. Огнивцев, Ю. Мазурок, Р. Стручкова, В. Бовт, Г. Гаспарян, Т. Кудзик, Р. Жаманова, М. Сабирова, Т. Чебан, Т. Серебряков, А. Бабакулов, М. Эсамбаев, М. Магомаев, Б. Бенцпанов катышып, Кыргызстадын эли менен чыгармачылык жолугушуу өткөрүшкөн. 1966-74-ж. 800гө жакын концерт коюлган. Фестивалдын активдүү катышуучулары Е. Светланов менен М. Эсамбаевге «Кыргыз ССРинин эл артисти», Р. Тихомировго «Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери», Б. Бруновго жана Б. Бенциановго «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамдар берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1