«Варианты Эпос « Манас» »

Википедия дан

«Варианты Эпос « Манас» » — «МАНАС" ЭПОСУНУН ВАРИАНТТАРЫ» — эпостун Саякбай Карала уулу, Мамбет Чокмор уулунун варианттарынын өзгөчөлүктөрүн иликтөөгө арналган Р. 3. Кыдырбаева, К. Кырбашев , А. Жайнаковалардын изилдөөлөрү. Китеп орус (1-бөлүм) жана кыргыз (2—3-бөлүм) тилдеринде жазылып, Кыргыз Илимдер академиясынын (Фр., 1988) басмасынан жарык көргөн. Көлөмү 10 басма табак (160 бет). Китептин биринчи бөлүмүндө (Р. 3. Кыдырбаева) эпостун Мамбет Чокморовдун вариантындагы «Манас» бөлүмүнүн урунттуу өзгөчөлүктөрү ачылат. Негизги салттык өзөк окуялар сакталуу менен Мамбет Чокмор уулунун «Манасында» ислам мотивдери, о эле ысык-көлдүктөргө мүнөздүү болгон Эне-Сайга байланыштуу окуялар чагылдырылгандыгы, Манастын ата-тек санжырасындагы жана бала чак окуяларындагы өзгөчөлүктөр көрсөтүлөт. Экинчи бөлүм (К. Кырбашев) Мамбет Чокмор уулунун «Семетейинин» бөтөнчөлүктөрүн изилдөөгө арналып, Саякбай Каралаевдин варианты, Жакшылык Сарыковдун варианты, Акмат Рысмендеевдин варианты, Жаңыбай Кожековдун вариантындагы «Семетей» менен сюжети жана салттык окуялар негизинен бирдей деген тыянак айтылат да, Мамбет Чокморовдун айтымынын өзгөчөлүгү «сюжетке сиңирилген айрым окуялардан, мотивдерден, деталдык көрүнүштөрдөн жана поэтикасынан» байкалары белгиленген. Үчүнчү бөлүм (А. Жайнакова) «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүктөрү» деп аталып, улуу манасчылардын чеберчилиги, анын варианттынын башка варианттардан толуктугу, көлөмдүүлүгү жана жогорку көркөмдүүлүгү тууралуу сөз болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4