Аба чөйрөсү

Википедия дан

Аба чөйрөсү, аба аймактагы аба мейкиндиги. Аба чөйрөсүнүн шарттуу жогорку чеги жергиликтүү эң бийик имараттын үстү менен өтөт. Ал адамдын өмүрүнө, жаныбарлардын жашоосуна, өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө жанаа ар түрдүү технологиялык процесстерге (транспорттук каражаттар, жылытуу жана вентиляциялык системасы) керектүү болгон атмосфералык абанын негизги булагы болуп саналат. Азыркы учурда аба чөйрөсү өнөр жайдын тез өнүгүүсүнө байланыштуу үзгүлтүксүз булганууга дуушарланууда. Айрыкча аба чөйрөсүн жылыткыч жана энергетикалык каражаттар, автомобиль транспорту булгап жатат; мисалы, Бишкек метеостанциясынын билдирүүсүнө караганда табигый жылуулук балансы кийинки жылдары 0,7°С өскөндүгү аныкталган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында аба чөйрөсүн булгаган энергетикалык таштандылардан курулуш имараттарына 30%, транспорт каражаттарына 36% (2000-ж.), өнөр жайга 4,15% тийиштүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1