Аборт

Wikipedia дан
10 жумалык эмбрион

Абортбойго бүткөндөн 28 жумага жетпей (башкача айтканда эне денесинен тышкары жашоого жөндөмсүз кезинде) түйүлдүктүн бойдон түшүшү.

Себеби[оңдоо]

Эгер аборт 12 жумага чейин болсо эрте, 12 жумадан 28 жумага чейин болсо кеч аборт деп аталат. Аборт кандайдыр бир оорунун натыйжасында өзүнөн өзү болот же кандайдыр бир себептер менен аял кош бойлуулугун сактоого мүмкүн болбогон учурда, ошондой эле кош бойлуулук жана төрөт аялдын ден соолугу менен өмүрүнө коркунуч алып келсе (мисалы, учук оорулуу, жүрөк кемтиги, өтө оор талгак — токсикоз болгондо жана тукум куума оорулардын балага берилүү коркунучу болсо) жасалма жол менен жүргүзүлөт.

Жасалма аборт[оңдоо]

Жасалма аборт дарылоо мекемелеринде жүргүзүлөт. Аялдардын каалоосу боюнча 12 жумалык мөөнөткө чейин жасалат. Эгер кош бойлуулук аялдын ден соолугуна жана балага зыян келтирсе андан чоң мөөнөттө да жасоого уруксат берилет. Ооруканадан тышкары жасалган аборт көбүнчө оор кабылдоого учураткандыктан аборт жасаган киши же врач жоопко тартылат. Жасалма аборт организмге зыяндуу таасир тийгизет, анткени кош бойлуулук менен байланыштуу физиологиялык кайра түзүлүү процесстер капысынан токтолуп, кээде нерв, эндокрин системасынын, ошондой эле зат алмашуунун функцияларынын бузулушуна алып келет. Өзгөчө биринчи жолку кош бойлуулукта, этек кир бузулган жана жыныстык инфантилизм (жыныс органдары толук жетилбеген) менен жабыркаган аялдар үчүн аборт өтө зыяндуу. Аборттон кийин кабылдоолордон жатын жана анын кошумчалары түрдүү сезгенүүлөргө учурайт. Мисалы, жатын түтүгү сезгенгенде ал жабышып калып, жатындан тышкары бойго бүтүү же төрөбөй калуу мүмкүн. Нерв жана эндокриндик бузулуулар кээде 1—2 жылдан кийин байкалат. Мында аялдар ачуулуу, тынчсыз болуп, уйкусу бузулат, тез чарчайт, этек кир цикли бузулат. Зат алмашуунун бузулушу семирип кетүүгө алып келет. Аборттон кийин аялдар врачтын көрсөтмөлөрүн, гигиеналык талаптарды так аткаруулары тийиш. 2 жумага чейин оор күч эмгегин жасоого (үй, кир жууганга, оор нерселерди көтөрүүгө) болбойт. Аялдар өзүнүн абалына көз салып, дене температурасын күнүгө өлчөп, суукка учуроодон сак болуусу керек. Абалы начарлап, кан келип, ичтин төмөн жагы ооруса сөзсүз врач-гинекологго кайрылуу зарыл. Аялдарга 2 маал (эртең менен, кечинде) кайнатылган жылуу суу менен самындап же калий перманганатынын мала кызыл эритмеси менен жуунуп, күнүгө ич кийимдерин алмаштырып туруу сунуш кылынат, анткени аборттон кийинки биринчи күндөрдө жатын моюнчасы ачык болуп, оорутуучу микробдор кирип, сезгенүү оорулары пайда болушу мүмкүн. Аборттон кийин 2 жума душтун алдында гана жуунуу керек. Бир айга чейин спорт менен машыгууга болбойт, жеңил дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоого болот. Аборттон кийин этек кир эрте же кечигип келсе сөзсүз врачка кайрылуу керек.

Өзүнөн өзү болгон аборт[оңдоо]

Өзүнөн өзү болгон аборт жасалма аборттон айырмаланып, ал көбүнчө кандайдыр бир оорунун натыйжасында болот. Ага сезгенүү, шишик жана башка оорулар, жыныс органдарынын толук өсүп жетилбегени, жугуштуу оорулар (грипп, бруцеллёз, токсоплазмоз жана башка), эне менен баланын канынын сыйышпастыгы, өтө оор талгак, мурдагы аборттор жана башка себеп болот. Өзүнөн өзү болуучу абортто акырындык менен тукумдук жумуртка жатындын капталынан ажырап, анын кан тамырлары кошо жабыркайт. Башталышында жатындын булчуңдарынын жыйырылышынан ичтин ылдый жагы, бел сыздап, толгоодой болуп ооруйт. Андан кийин аздан кан ага баштайт.

Дарылоо[оңдоо]

Бул мезгилде өз убагында дарыласа, кош бойлуулукту сактап калууга болот. Мында төшөккө жатып, врачты чакыруу керек. Эч кандай дары ичүүгө, ичке муздак басууга болбойт. Дарылоо өз убагында жүргүзүлбөсө оору катуулап, кан агуу күчөп, кээде өтө көп кан кетип, аз кандуулукка алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк учурда түйүлдүк толук түшпөстөн, анын бөлүгү жатында калып, жатын жыйрылбай, кан агуу улана берет. Бул кандын көп кетишине, өлүм коркунучуна алып келет. Мындай учурда жатынды түйүлдүктүн калдыгынан тазалоо максатында боюнан түшкөн аялды ооруканага жаткызуу зарыл. Көпчүлүк учурда кош бойлуулуктун биринчи жумаларында өзүнөн өзү болгон абортто аял өзүн жакшы сезип, катуу оорубайт, аз-аздан булгаган кан чыгууларга көңүл бурбай, врачка кайрылбай жүрө беришет. Мындай өзүнөн өзү болгон аборттун көп убакытка созулушу ден соолук үчүн коркунучтуу, анткени оору пайда кылуучу микробдордун жатынга киришине шарт түзүлүп, жатындын сезгенүүсүнө жана сепсистин өнүгүшүнө себеп болот. Ошондуктан врачка эрте кайрылуу зарыл. Врачтар эрте кайрылган аялдын кош бойлуулугун сактап калышы жана аборттон болуучу оор кабылдоолорду болтурбашы мүмкүн. Өзүнөн өзү болгон аборт кайталашы (өнөкөт бойдон түшүү) мүмкүн. Мындай учурда такай, дайыма, кээде узакка дарылануу керек. Өзүнөн өзү болуучу аборттун алдын алууда аялдар консультацияларыңа өз учурунда кайрылып, текшерүүдөн өтүп, ооруларын өз убагында дарылоо чоң мааниге эр болот.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8