Авиация отуну

Википедия дан

Авиация отуну — учуучу аппараттын кыймылдаткычынын күйүү камерасына жылуулук энергиясын алуу максатында аба менен кошо киргизиле турган күйүүчү зат. Ал авиация бензини (бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч үчүн) жана реактивдүү отун (газтурбиналуу кыймылдаткыч үчүн) болуп бөлүнөт. Нефтиден алынат, мисалы, авиация бензини — бышкектүү авиациялык кыймылдаткыч үчүн ылайыкталган октандык саны жогору бензин. Реактивдүү отун авиакеросиндин негизинде иштелип чыгат. Авиация отуну катары синтездик, криогендик жана башка отундун түрлөрүн колдонуу боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. СССРде 1987—88 жылдарда суюк бутан менен Ми-8Т вертолётуна, ал эми 1988—90-жылдарда суюк суутек жана метан менен Ту-155 самолётуна сыноолор жүргүзүлгөн. Авиация отуну металл жана металл эмес материалдарды дат бастырбай, курамында механикалык кошулмалар, суу болбошу керек. Авиация отуну таза күйүп жана бийиктиктеги төмөнкү температурада коюланбашы үчүн анын тоңуу чекити абдан төмөн болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1