Агентчилик

Википедия дан

Агентчилик - (англисче адепсу) мамлекеттин, ошондой эле жеке адамдардын коммерциялык тапшырмаларын ишке ашыруучу уюм. Соода өнөр жай ишканаларынын, банктардын маркетинг кызматын көрсөтүүчү агентчилиги да болот. Агентчилик өз ишмердигин ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, жеке адамдардын статусуна жана багыттарына жараша жүргүзөт. Продукция өндүрүүчү менен кардарлардын ортосунда да ортомчулук милдетти аткарат. Агентчилик төлөмакысы анын иш тапшыруучу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн принциптерге жана тарифтерге ылайык төлөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1