Адлер, Альфред

Wikipedia дан
Альфред Адлер
Alfred Adler1.png
Alfred Adler
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Альфред Адлер
Туулган жылы: 1870 - жылы 7-февраль
Туулган жери: Вена, Австро-Венгрия
Өлкө: =
Каза болгон жылы: 28 май 1937 (67 жашында)
Каза болгон жери: Абердин, Шотландия, Улуу Британия
Илимий багыты: Психиатрия, Психология

Адлер Альфред (7 февраль 1870, 28 май 1937) – австриялык доктур жана психолог.

1902-жылдан тартып З. Фрейддин окуусун жактайт, ал эми 1911-ж. өзүнүн «жеке (индивидуалдуу) психологиясын» түзүү менен жогорудагы окуудан баш тартат (1924-ж. жеке психологиянын Эл аралык ассоциациясы түзүлгөн). АКШда каза болгон.

Анын көз караштары америкалык психиатрия менен педагогикага зор таасир тийгизген. Адлердин окуусу боюнча адамдын психикасынын өнүгүшүнүн жана психикалык илдеттин негизинде өксүк комплексин компенсациялоо (компенсация комплекса неполноценности) жатат. Эгер адамдын денесинде кандайдыр бир талуу жер же өксүк (көзү чалыр, кекеч, бою кичинекей, оозу-мурду жырык, дене түзүлүшү жагынан чабал) болсо, ал өзүнүн физиологиялык кемчилигин социалдык артыкчылыктарга (карьера жасоого, чыгармачыл дараметтерин өнүктүрүүгө, спорт менен машыгууга, коомдук иштерге активдүү катышууга ж. б.) умтулуу аркылуу компенсациялайт.

А. Фрейддин окуусундагы ашынган формадагы сексуалдуулук жана адамдын жүрүм-турумундагы аң-сезимдиктин үстөмдүк кылышы тууралуу идеяларды сынга алган. Анын ордуна Адлер социалдык факторлорго, өзгөчө адамдын мүнөзүнүн негизи болуп эсептелген либидонун (күчтүү каалоо-тилектердин, умтулуулардын, кызыгуулардын) коомдук мүнөзүнө басым жасаган. Анын пикири боюнча адамдын мүнөзү анын «турмуштук стилинен» улам калыптанат. «Турмуштук стиль» адамдын бала күнүнөн тартып кандайдыр бир өксүктү, кемчиликти коомдук артыкчылыктарга умтулуу аркылуу компесациялоонун системасы болуп саналат. Мисалы: кызыл тили, чечендик өнөрү менен даңкталган байыркы грек оратору Демосфен бала кезинде кекеч, улуу аскер башчылар менен мамлекеттик саясий ишмерлер орто же кыска бойлуу адамдар (Наполеон, А. В. Суворов, В. И. Ленин, И. В. Сталин, А. Гитлер) болушкан. Айрым учурда өксүк комплексине ээ адамдар өз кемчилигин туура эмес компенсациялоо аркылуу аракка же баңги заттарына ооп, таарынчак, шекчил, ыйлаак, эрки бош болуп кетишет, өзүнүн көйгөйлөрү үчүн башка адамдарды күнөөлөшөт ж. б. Ошол себептен, А. Фрейд белгилегендей, түш көрүүлөр, фантазиялар ж. б. психикалык феномендер адамдын бала кезиндеги жапа чегүүлөрүнүн, сар-санааларынын бурмаланган натыйжасы эмес, инсандын алдындагы турмуштук проблемаларды «алдын ала көрүүгө» болгон аракет болуп саналат. Демек, «жеке психологиянын» милдети болуп адамдын өксүк комплексин аныктоо жана аны туура багытта компенсациялоого көмөк берүү эсептелет. Адлердин идеялары фрейдизмди модификациялоого көмөк берип, неофрейдизмдин жаралышына алып келген. «Жеке психология» 20-к-дын 20–30-жылдары Батышта, өзгөчө АКШда кеңири жайылтылган. А. тарабынан сунуш кылынган «өксүк комплекси» термини илимдеги, коомдук аң-сезимдеги кеңири оозго алынган терминдердин бирине айланган

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8