Психология

Википедия дан

Психология - (гр. «психе»-«жан», «логос»-«илим») – адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим[1][2].

Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.

Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин закондорун, маңызын жана табиятын ачуу. Бул закондорду билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.

Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), онтогенездик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт.

Психология – эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот. Азыркы психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга ажырап кетти. Андан зоологиялык психология, медициналык психология , балдар психологиясы, педагогикалык психология, курак психологиясы, эмгек психологиясы, спорт психологиясы, социалдык психология, этнопсихология, аскер психологиясы, инженердик психология, космос психология жана башкалар өсүп чыкты.[3]

Психологияга иш-аракет түшүнүгүнүн кириши менен адам психикасынын өнүгүшүндөгү биологиялык жана социалдык фактордун өз ара катышы жөнүндөгү маселе калетсиз чечилди.

Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Б. Г. Ананьев жана башкалар), ал эми австриялык врач З. Фрейд психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ыкмаларын түшүнүүгө психологию
  2. Билим психолог-диплом жана күбөлүк эмнени билдирет. Текшерилген күнү 21 -август (баш оона) 2021. Түп булактан архивделген күнү 16 -июнь (кулжа) 2021.
  3. Популярдуу психология курстары боюнча сын-пикирлер