Ажман (эмирлик)

Ажман
Өлкө

БАЭ

Административдик борбор

Ажман

Башчысы

Хумайд IV ибн Рашид ан-Нуайми

Расмий тили

араб тили

Калкы

504 846

Жыштыгы

1949 адам/км²

Деңиз
денгээлинен бийиктиги
 • өрточо бийиктиги



 13 м

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Коду ISO 3166-2

AE-AJ

www.ajman.ae Расмий сайты
Оман жана БАЭ эксклавдары



     Оман     Абу-Даби (БАЭ)     Дубай (БАЭ)     Шаржа (БАЭ)     Ажман (БАЭ)     Умм эль-Кайвайн (БАЭ)     Рас аль-Хайма (БАЭ)     Фужейра (БАЭ)

Ажман[1] (араб. عجمانБириккен Араб Эмирликтеринин курамындагы эң кичинекей эмирлик .

  • Борбору — Ажман.
  • Аянты — 259 км² (БАЭнин аймагынын 0,3% түзөт), калкы — 504 846 адам[2] (2017-жыл)

Бул эмирлик БАЭнин курамына 1971-жылы 2-декабрда кирген .

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1820-жылдары Ажман ал-Касими шейхтеринин бийлигинен бошотулган. 1892-жылдан 1971-жылга чейин Келишимдик Омандын курамында болгон. 1971-жылдын 2-декабрынан тартып БАЭнин бир бөлүгү болуп саналат.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы Ажмандын калкы 504 846 адамды түзгөн. Статистика боюнча 100 аялга 188,13 эркек туура келет[3].

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ажман эмиратынын 2020-жылдагы жылдык экономикалык отчетуна ылайык, 2019-жылы Ажмандын ИДПсы 32 миллиард бириккен араб эмирликтериинин дирхамын түзгөн, бул өткөн жылына салыштырмалуу болжол менен 2,3% өсүү темпин көрсөткөн.

Курулуш жана кыймылсыз мүлк секторлору ИДПда 2019-жылы үстөмдүк кылган жана анын 31,9% түзгөн.

2019-жылы ИДПда өндүрүш тармагы 18,8%, соода тармагы 18,8% түзгөн[4].

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын негизги бөлүгү эмирликтин борборунда жашайт. Ажман курамына ошондой эле эки эксклавды камтыйт:

1. Масфут, борбордон 110 км түштүк-чыгышта жайгашкан, аянты 50 км².

Масфут БАЭде маанилүү ролду ойнойт: бардык эмирликтердин ичүүчү суусунун негизги булактары ушул жерде жайгашкан. Курма жана башка мөмөлүү дарактарды өстүрүүгө да адистешкен. Бул эксклавдын жанында Хадт айылы жайгашкан, бул айылдын тегерегиндеги аймакты Оман жана Ажман бирге башкарышат .

2) Манама, борбордон 60 км чыгыш тарапта жайгашкан, аянты 10 км².

Ажайып жерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ажмандын абасы менен суусу таза, тынч жээктери көптөгөн деңиз сүйүүчүлөрүн өзүнө тартат.

Ажмандагы ажйып жерлеринин кээ бирлери:

  • Ажман музейи;
  • Масфут сепили;
  • Масфут дарбазасы;
  • Кызыл чеп.

Башкаруучу үй-бүлөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ан-Нуайми уруусунан чыккан Ажмандын шейхтери (1971-жылдан тартып эмир деп аталат).[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1816-1838 - Рашид I ибн Хумайд;
  • 1838-1841 - Хумайд I ибн Рашид;
  • 1841-1848 - Абд аль-Азиз I ибн Рашид (өлтүрүлгөн);
  • 1848-1869/73 - Хумайд I ибн Рашид (кайрадан);
  • 1869/73—1891 — Рашид II ибн Хумайд;
  • 1891-1900 - Хумайд II ибн Рашид (агасы Абд аль-Азиз II тарабынан өлтүрүлгөн);
  • 1900-1908 - Абд аль-Азиз II ибн Хумайд;
  • 1908-1928 - Хумайд III ибн Абд аль-Азиз;
  • 1928-1981 - Рашид III ибн Хумайд;
  • 1981-жылдан бери - Хумайд IV ибн Рашид ан-Нуаими.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Ажман, эмирлик
  2. United Arab Emirates: Emirates & Major Cities - Population Statistics, Maps, Charts, Weather and Web Information
  3. Ajman. Population
  4. Aiman. Economy