Айкындуулук

Википедия дан

Айкындуулук – тигил же бул коомдук маанилүү окуялар менен кубулуштардын (аткаруу жана өкүлчүлүктүү бийлик органдарынын, соттордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин, тийиштүү органдардын түзүлүшүнүн жана шайлануусунун, мыйзам долбоорлорунун талкууланышынын, талаш-тартыш маселелерди чечүүнүн, коомдук бирикмелердин иштөө тартибин ж. б.) мүмкүн болушунча айкындыгын жана алар тууралуу жарандарды кеңири кабарландырууну билдирүүчү жалпы укуктук аталгы.


Саясат таанууда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айкындуулук советтик саясий илимде иштелип чыккан сөз эркиндиги түшүнүгү. Россиялык Айкындуулуктун тамыры Н. Карамзиндин «Россия мамлекетинин тарыхы» эмгегинде айтылат. Ал «самодержавиенин өнүгүүсү дворянинден тартып мещанинге, жөнөкөй элге чейин укуксуз болгон багытта жүрдү» деген, кийин 1859-ж. Министрлер Совети «басма сөздүгү айрым окуялар жөнүндө чуулгандуу маалыматтар мамлекет үчүн кошумча маалымат алууга мүмкүн болсо гана жарыялансын» деп чыккан. Ошол мезгилде гана Айкындуулук азыркы маанисин ала баштаган.
1905-ж. Мамлекеттик Думанын 1-сессиясына 44 делегат «Басма сөз, сөз эркиндиги жөнүндө мыйзам» проектисин сунуш кылышат, бирок ал өтпөй калган.
Революциядан кийин В. И. Ленин тарабынан атайын декрет, сөз, укук, шайлоо ж. б. эркиндиктер мыйзамдашырылган. Митинг, чогулуштарда, басмада мамлекеттин иштери жөнүндө ачык талкуулоо мүмкүнчүлүгү Айкындуулуктун демократиялык өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк берген. Бирок, көп өтпөй, административдик система Айкындуулуктун элементтерин жок кыла баштаган.Айкындуулук жөнүндө мыйзамдын проектиси 1987-ж. даярдалып, Президиумда кабыл алынган эмес. Айкындуулуктун негизги таянычы – сөз, басма сөз эркиндиги, демек – граждандардын өз оюн билдирүү, каалаган маалыматын таратуу, ал үчүн маалымат булактарынан колдонуу мүмкүнчүлүгү. Гражданиндин ички, жеке турмушуна, абийирине кийлигишүүгө болбойт.
Гражданиндин суроолорго (журналист берген) жооп бербей коюуга да акысы бар. Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган (1948-ж.) Адам укугунун жалпы декларациясы ар бир адамдын укугун, эркиндигин (сөз, басма сөз, көз караш) бекемдейт. Граждандык укуктарды коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясында атайын бөлүм менен белгиленет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б