Аймак (Математика)

Википедия дан

Аймак . Сан огундагы а чекитинин аймагы деп а ички чекит болуп эсептелүүчү ар кандай интервалдын ички чекиттеринин көптүгү аталат. Көбүнчө борбору а чекити болгон интервал, б. а.]а—ɛ; а+ɛ [ интервалы каралат. Мындай интервал а чекитинин ɛ аймагы деп аталат. ɛ >о саны радиус, 2ɛ — ɛ; — аймактын узундугу делет. Метрикалык мейкиндикте а чекитинин сфералык аймагы ушул сыяктуу эле аныкталат. Аймак деп берилген чекитти камтыган ар кандай ачык көптүктү да түшүнсө болот.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004